SlideShare ist ein Scribd-Unternehmen logo
1 von 43
Downloaden Sie, um offline zu lesen
«Эркиндик үнү» Коомдук Фонду
Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз
аракеттерин/аракетсиздиктерин даттануу
боюнча
жарандар үчүн колдонмо
БИШКЕК - 2015
Бул колдонмо милиция кызматкерлеринин укук ченемсиз аракеттерине
даттанууларды карап чыгууда тиешелүү органдардын ыйгарым укуктарын
туура түшүнүүгө кызыкдар болгон жарандар, өкмөттүк эмес уюмдар, укук
коргоочулар жана башка адамдар үчүн арналат.
Ушул отчетто айтылган пикирлер автордун жеке пикири болуп саналат
жана БУУнун Баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
менен Тынчтык куруу фондунун расмий позициясын чагылдыруучу катары
кабыл алынбашы керек.
Мазмуну
Киришүү.....................................................Ошибка! Закладка не определена.
1. Милиция кызматкерлеринин аракеттерине даттануу укугу .. .................. 4
2. Ички ведомстволук процедуралар боюнча милиция кызматкерлеринин
аракеттерине/аракетсиздиктерине даттануу ..................................................... 6
3. Милиция кызматкерлеринин аракеттерине/аракетсиздиктерине карата
прокуратура органдарына даттануу................................................................ 10
4. Кызмат адамдарынын аракеттерине/аракетсиздиктерине сот тартибинде
даттануу............................................................................................................... 15
5. Акыйкатчынын жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук
борбордун милдеттери....................................................................................... 21
6. Кылмыш жана администрациялык тартипте кармоонун жалпы
аспектилери........................................................................................................ 23
7. Жеткирүүдө, кармоодо, кароодо, тинтүүдө, алууда кандай аракет кылуу
керек. ................................................................................................................... 25
ТИРКЕМЕЛЕР .............................................................................31
Пайдалуу байланыштар ................................................................31
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен ИИО кызматкери жасай
турган кылмыштардын түрлөрүнүн таблицасы ..Ошибка! Закладка не
определена.
Арыздардын, даттануулардын үлгүлөрүОшибка! Закладка не определена.
Киришүү
Ички иштер органдарынын башкы милдеттерини бири – коомдук
тартипти, инсан менен коомдун коопсуздугун камсыз кылуу. Мына ошон
үчүн аларга бийлик берилген: милиция кызматкерлери укук бузуучуларды
кармап, жеке текшерүү жүргүзүүгө, мыйзамда каралган негиздин болушу
менен – жашаган жерине жана бөлөк жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө,
мыйзамда белгиленген тартипке ылайык адамдын кылмыш изине түшүүгө,
кармоого жана камакка алууга укугу бар.
Эгер өлкөдө укук үстөмдүгү болсо, укук коргоо системасынын соттук
көзөмөлү иштейт, анда мындай өлкөдө укук тартиби органдары адамдарга
кызмат кылат, коомдук тартипти коргойт, ал эми бул өлкөнүн мыйзамга баш
ийген жарандары жана меймандары өздөрүнүн укуктары менен
эркиндиктерине негизсиз зыян келтиришинен чочулабай эле коюшса болот.
Биздин өлкөбүздө укук үстөмдүгү жаңыдан телчигип, сот реформасы
улантылып жатат, демек, укук коргоо органдарынын үстүнөн тийиштүү
көзөмөл кылуу али жок. Ошондуктан милиция кызматкерлери көп учурларда
өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышат же аша
чабышат. Кээде бул өзүнүн кызматынын кызыкчылыктарын туура эмес
түшүнүүнүн айынан болсо, кээде – коррупциялык жеке кызыкчылыктын
айынан болот.
Милициянын ар кандай укукка каршы аракеттерине татыктуу
каршылык көрсөтүү үчүн, негизсиз кармап, туракка же бөлөк жайга
басмырлап кирген учурда кайда кайрылууга болорун жана кандай
аракеттерди көрүүгө болорун жарандар билүүсү зарыл, жана албетте,
милиция кызматкерлеринин аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу
көндүмдөрүнө ээ болуулары керек.
1. Милиция кызматкерлеринин аракеттерине даттануу укугу
Ар бир жаран милиция кызматкерлеринин укук ченемсиз аракеттерине
даттанууга укугу бар. Бул укук Конституцияда, Жазык-Процессуалдык
кодексинде, «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»
Мыйзамда бекитилген жана Кыргыз Республикасынын бөлөк ченемдик-
укуктук актыларында белгиленген. Милиция кызматкерлеринин укук
ченемсиз аракеттерине укук бузуунун мүнөзүнө, ким тарабынан жасалганына
жараша ар кандай жолдор менен даттанууга болот: тикелей начальнигине,
жогору турган жетекчиликке, Өздүк коопсуздук башкармалыгына,
прокуратурага, УКМКга же сотторго. Теориялык жактан алганда, жаран
милиционерлерге карата жогорку мамлекеттик институттарга, мисалы,
президентке же депутаттарга даттана алат, бирок тажрыйба көрсөткөндөй,
минтип жаран убакытын гана коротуп алат, анткени анын кайрылуусун
компетенттүү органдарга кайра жөнөтүшөт. Даттануу натыйжалуу болуш
үчүн тигил же бул орган кандай аракеттерди көрөрүн, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары тарабынан жоопкерчиликтин кандай
чаралары каралганын билүү зарыл.
Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттануунун
жолдору:
1. ӨКБга даттануу менен кайрылуу.
Өздүк коопсуздук башкармалыгы – бул өзүнчө бир «милициядагы
милиция», ИИОнун атайын кызматын түшүндүрөт, анын ишмердүүлүгү
ички иштер органдарын мыйзам бузуучулардан жана бөлөк жаман
«элементтерден» «тазалоого» багытталган. ӨКБ өзүнүн компетенциясынын
алкагында текшерүү жүргүзүп, милиция кызматкерлерин дисциплинардык
жоопкерчиликке тартуу же кылмыш ишин козгоо үчүн ишти прокуратура
органдарына берүү жөнүндө бүтүм чыгарат.
2. Жогорку турган жетекчиликке даттануу менен кайрылуу.
Жетекчилик өзүнүн компетенциясынын алкагында кайрылууларды
кароонун тартибинин сакталышына көзөмөлдүк кылат, келип түшкөн
кайрылуулардын мазмунун талдайт, жарандардын укуктарынын,
эркиндиктеринин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулуу себептерин
өз убагында ачып көрсөтүү жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.
3. Кылмыш тууралуу прокуратурага арыз жазуу
Прокуратура – көзөмөлдөө органы, ал өзүнүн компетенциясынын1
алкагында
мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кылмыш иштерине
куугунтук жүргүзүү жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу укугуна
ээ.
4. Аракетти /аракетсиздикти сотко даттануу
Жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян
келтирүүгө жөндөмдүү болгон же алардын сот адилеттүүлүгүнө жетишин
кыйындаткан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу, кылмыш ишин токтотуу
жөнүндө токтомдорду жана бөлөк чечимдер менен аракеттерди
(аракетсиздикти) сотко берүүгө болот. Сот тигил же бул аракетти
(аракетсиздикти) мыйзамсыз же негизсиз деп табууга жана кетирилген
катаны жоюуга милдеттендирүүгө укуктуу.
1
Прокуратура органдарына башка функциялар да берилген, бирок бул колдонмодо кылмыш ишин
куугунтуктоо бөлүгү гана каралган. .
Милиция кызматкери укук бузуулардын, күнөөнүн кесепетинин
оордугуна жана бир катар башка факторлорго жараша дисциплинардык жана
кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Жарандар тигил же укук
бузуу үчүн кандай жоопкерчилик чарасы каралганын билбеши мүмкүн,
бирок даттануунун жолдорун билүү өзүнүн бузулган укугун натыйжалуу
коргоого алып келет. Даттанууну берип жатканда эмоцияга алдырбастан
жагдайды объективдүү баалап, укук бузуу орун алдыбы, жана ал кандай
кесепеттерге алып келди, түшүнүү зарыл. Тиркемеде Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган, жаза берилүүчү
иштердин тизмеси келтирилген. Эгер милиция кызматкеринин аракети
(аракетсиздиги) алардын түшүндүрмөсүнө туура келбесе, анда,
дисциплинардык тартип бузууга жол берилген. Мындай учурда аракеттерди
ички ведомстволук процедуралар боюнча даттануу туура болот.
2. Ички ведомстволук процедуралар боюнча милиция
кызматкерлеринин аракеттерине/аракетсиздигине даттануу
ИИОнун коомдук кабылдамаларына жазуу түрүндө даттануу менен
кайрылыңыз.
Эгер милиция кызматкери дисциплинаны бузса (жумуш ордунда жок
болуу, арызды кабыл алуудан баш тартуу, орой мамиле кылуу ж.б.), аракети
даттанууга тийиш болгон адамдын тикелей начальнигине кайрылуу керек.
Адатта, кызмат адамдарынын аракетине/аракетсиздигине карата бардык
даттануулар жетекчинин атына жазылууга тийиш. Даттанууну жазуу түрүндө
берүү жакшы болот жана сөзсүз түрдө иш кагаздар бөлүмүндө же нөөмөт
бөлүмүндө каттатып коюу керек. Арызды эмоцияга алдырбастан,
көркөмдөбөстөн жана абстракттуу ойлордон алыс болуу менен жазуу дурус.
Логикалык жактан байланыштырылган жана ырасталган жүйөлөр менен
негизги фактылар гана баяндалып, арыздын тексти барактын үчтөн эки
бөлүгүн ээлөөгө тийиш.
Тексттин аягы сиздин так жазылган талабыңызды же өтүнүчүңүздү
камтууга тийиш, мисалга алсак: укукту калыбына келтирүү, күнөөсү бар
милиция кызматкерлерин жазалоо, органдын ишиндеги же бүтүндөй бардык
тажрыйбаны өзгөртүүнү. Көрүлгөн чаралар жөнүндө Сизге билдирип
коюуларын өтүнүңүз.
Даттанууну эки нускада бериңиз. Жазуу түрүндө арызыңызды берип
жаткан Коомдук кабылдаманын, нөөмөт бөлүмүнүн же иш кагаздар
бөлүмүнүн кызматкери сиздин колуңузда кала турган нускага кол коюп,
алынган датаны, кирген каттоо номурун көрсөтүп, фамилиясын жазып коѐру
эсиңизден чыкпасын. Эгер андай кылуудан баш тартса, анда, кайрылууну
буюртма кат менен сиздин катты алгандыгы тууралуу билдирүүсү менен
почта аркылуу жөнөтүп жибериңиз.
Айрым ведомстволордо кире бериште каттар үчүн кутулар коюлган.
Өзүңүздүн кайрылууну кутуга эч убакта салбаңыз, анткени сиздин
кайрылууну алгандыктары тууралуу сизде тастыктамаңыз жок болот.
Кайрылууну каттоодон өткөргөндөн бир нече күндөн кийин коомдук
кабылдамага (нөөмөт бөлүмүнө, иш кагаздар бөлүмүнө) чалып, сиздин
кайрылууңуз кимге тапшырылгандыгын (документтин аткаруучусу ким
болорун) билиңиз. Аткаруучу менен байланышып, аны менен жолугушууга
даяр болуңуз. Сиздин кайрылууңузга эки жумадан кечиктирилбестен жазуу
түрүндө жооп берүүлөрү тийиш. Өзүнүн кол алдындагыларын калкалоо үчүн
жетекчилик кызыкдар болору дагы шексиз. Эгерде кайрылууну этибарга
алышпаса же негизсиз деп эсептешсе, бирок сизди колдонулган аргументтер
ынандыра албаса, жогору турган начальникке кайрылууга же даттануунун
башка жолдорун пайдаланууга болот.
Жетекчинин кабыл алуусуна жазылыңыз.
Даттанууну берүүдөн тышкары жумасына бир жолудан кем эмес
жарандарды жеке кабыл алууну жүргүзгөн түздөн-түз жетекчиге кайрылууга
болот. Кабыл алуу күндөрүнүн жүгүртмөсү көрүнүктүү жерде илинип
турууга тийиш, адатта бул имаратка кире берген жерден алыс эмес
жайгаштырылат. Сиз бул же тигил начальниктин кабыл алышын талап
кылыңыз. Адатта, жогорку орундагы милиция кызматкерлеринин кабыл
алуусуна дароо эле кирүү кыйынга турат, анткени жазылуу күн мурун
жүргүзүлөт. Республиканын алыскы региондорунан келген жарандар
кезексиз кабыл алуу укугуна ээ экендиктерин белгилей кетүү зарыл. Кабыл
алуудан баш тартууга жол берилбейт, бирок көп учурда кездешип калат. Сиз
"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" КР Мыйзамына
таянсаңыз болот, анда бул укук көрсөтүлгөн. Эгер сизге кирүүгө жол
беришпесе – бул сиздин укугуңузду бузуу болуп саналат, ошондуктан сиз
кирүүгө бөгөт койгон адамга карата даттануу менен кайрылууга укугуңуз
бар.
Жаран мыйзамдарды билүүдө өзүнүн маалымдуулугу бар экенин
көрсөтсө жана талап кыла билсе, анын кабыл алууга кирүүгө мүмкүндүгү чоң
болот. Жетекчи кабыл алып жатканда өзүңүздүн жүйөлөрүңүздү же
суроолоруңузду күн мурун даярдап алыңыз. Өзүңүздүн сөзүңүздү эмоцияга
алдырбастан, майда-чүйдө нерселерге көңүл бурбастан, «лирикага»
ыктабастан сүйлөңүз. Далилдерди жана жазып алгандарыңызды даярдап
алып, болгон ишти кыска, так, жыйнактуу баяндап бериңиз. Сыпайы жана
сылык болуңуз.
Көп учурларда жарандар кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери,
участковыйлар, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор
(ЖЖЭИИ), оперативниктер ж.б. менен кезигишүүгө туура келет. Кайгуул-
күзөт кызматынын жетекчилери ички иштер Башкы башкармалыгында
(облустук, Бишкек ш.) болушат. МУИ же ЖЖЭИИнин жетекчилиги
райондук Башкармалыкта (РИИБ, ШИИБ) жайгашат. Опер ыйгарым укуктуу
кызматкерлердин жана тергөөчүлөрдүн тикелей жетекчилиги ИИОнун ар
түрдүү деңгээлдеринде жайгашат. Ошондуктан, кабыл алууга жазылуудан
мурда, болжолдонуп жаткан бузуучу кимге баш ийерин коомдук
кабылдамадан билип алуу керек.
Арыз менен өздүк коопсуздук башкармалыгына кайрылыңыз
Кайсы кызматтагы болбосун жана дээрлик бардык деңгээлдеги
милиционердин аракетин (аракетсиздигин), чечимин өздүк коопсуздук
башкармалыгына даттанууга болот. Анын төмөнкү бөлүмчөлөрү (ИТБ, ИТТ2
)
облустук (Бишкек ш.) башкы башкармалыкта жайгашат, бирок анын
жетекчилиги түздөн-түз Ички иштер министрине баш ийет.
Эгер жалпы бөлүмдүн кызматкери кайрылууну алдын ала каттоодон
өткөрүүнү талап кылса, купуялуулукка жана маалыматтын таралып
кетишинен чоочулап жаткандыгыңызды билдириңиз. Сиз облустардын же
Бишкек ш. ИББнын коомдук кабылдамалары аркылуу арыз жазсаңыз болот
же почта аркылууну жөнөтүп жиберсеңиз болот, мындай учурда, почта менен
жөнөтүлгөндүн тапшырылгандыгы тууралуу билдирүү сиздин кайрылууну
алуунун тастыктамасы болуп саналат.
Жазуу түрүндөгү арыз боюнча ӨКБ кызматтык териштирүү жүргүзүүгө
милдеттүү жана тастыкталган фактылар боюнча дисциплинардык таасирдеги,
ал тургай КР ИИОдон бошотууга чейинки чараларды көрүү жөнүндө сунуш
киргизет. Көрүлгөн чаралар тууралуу сизге 2 жуманын ичинде билдирүүгө
тийиш. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда арыз берүүчү
бул чечимди КР ИИМ жетекчилигине, прокуратура органдарына жана/же
сотко даттана алат же кайрылууга болот.
2
ИТБ – Ички териштирүүлөр бөлүмү
ИТТ – Ички териштирүүлөр тобу
Дисциплинардык өндүрүштүн натыйжалары тууралуу билиңиз.
Ички иштер органдарынын кызматкерлерин дисциплинардык
жоопкерчиликке тартуу боюнча өндүрүш төмөнкүдөй негизги стадияларды
камтыйт:
- дисциплинардык өндүрүштү козгоо;
- дисциплинардык ишти кароо;
- чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимди аткаруу.
Дисциплинардык өндүрүштүн козголушу дисциплинардык бийлик
берилген кызмат адамдары ачып көрсөтүлгөн же болжолдонуп жаткан
жасалган иштин фактысы боюнча күнөөлүнүн жоопкерчилиги же мындай
фактынын орун алгандыгы жана аны жазалоо жөнүндө маселени козгоодо
турат.
Дисциплинардык ишти кароонун жүрүшүндө дисциплинардык
жоопкерчиликке тартылып жаткан кызматкерден жазуу түрүндө түшүнүк
алышат. Жазуу түрүндөгү түшүнүк алынгандан кийин иштин башка
жагдайлары изилденип, күбөлөр суралат, далилдер каралат ж.б., бул
стадиянын маңызы аракети даттанылып жаткан милиция кызматкеринин
аракетине/аракетсиздигине объективдүү баа берүүдө турат.
Дисциплинардык жазанын түрүн аныктоодо жасалган иштин мүнөзү,
жүйөлөрү, максаты жана кесепеттери, ал жасалган шарттар эске алынат.
Дисциплинардык кылмышты жасаган кызматкердин жоопкерчилигин
жеңилдетүүчү же кыйындатуучу жагдайлар, жасалган ишке болгон анын
жеке мамилеси, негизинен кызматка кылган мамилеси, мурунку мамилеси,
аракеттеги дисциплинардык жазанын болушу же жоктугу аныкталат. Жаза
жеке күнөөнүн жоопкерчилиги жана ылайыктуулугу принциптерине жооп
берүүгө негиздүү жана адилеттүү болууга тийиш.
Териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча кызматтык териштирүүнүн
(текшерүүнүн) бүтүмү чыгарылат, ал дайындалган адам тарабынан
бекитилет. Дисциплинардык ишти кароонун жыйынтыктары боюнча төмөнкү
чечимдердин бири кабыл алынат:
а) окуянын же дисциплинардык кылмыштын курамынын
болбогондугуна, ошол эле жорук үчүн болгон дисциплинардык таасир кылуу
фактысы аныкталгандыгына, же өндүрүштү четке каккан башка
жагдайлардын болгондугуна байланыштуу жеке жак дисциплинардык
жоопкерчиликке тартылбастан, ынандыруу чаралары менен чектелет;
б) өз алдынча же жогору турган начальниктин алдында расмий өтүнүү
жолу менен жеке жак дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат.
Акыркы стадия болгон чечимдин аткарылышына – биринчиден,
дисциплинардык ишти жасаган адамга дисциплинардык жазанын тандалып
алынган чарасын билдирүү кирет. Экинчиден, дисциплинардык жазанын
тандалган чарасынын аткарылышы камсыз кылынат жана коюлган жазанын
эсеби алынат. Кызматкерге дисциплинардык жаза берүү жөнүндө буйрук ага
буйрук чыккан күндөн тартып же кызматкердин кызмат орду боюнча
аймактык ички иштер органына (бөлүмчөгө) бул буйруктун көчүрмөсү келип
түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күнүнүн аралыгында билдирилет жана кол
койдурулуп алынат. Бул тууралуу милиция кызматкеринин аракетине
(аракетсиздигине) жазган даттанууну берүүчүгө билдирүү керек, эгер ал
өзүнүн арызында билдирип коюуну өтүнгөн болсо.
Дисциплинардык жазаны берүү жөнүндө буйруктун идентификациялык
номуру болууга тийиш жана кызматкердин өздүк делосуна киргизилет.
Дисциплинардык жаза көптөгөн ар кандай кесепеттерге алып келет. Бузуучу
болуп табылган кызматкер бир жыл аралыгында наамы же кызматы боюнча
көтөрүлбөйт, сый акылардан жана бөлөк кызыктырып дем берүүчү
сыйлыктардан айрылат, андан да дисциплинардык жоопкерчиликке экинчи
жолу тартылса, санкцияларды колдонуу үчүн негиз болуп калат.
Дисциплинардык жаза оордугу боюнча ар кандай категорияларга бөлүнөт
жана 3 айдан 1 жылга чейин созулат. Б.а. мисалы, эгер кызматкер «сөгүш»
алса, ал жыл ичинде сыйлык албайт жана кызматы боюнча көтөрүлбөйт, ал
эми ушул убакыт аралыгында дагы бир сөгүш алып калса, анда ал ички
иштер органдарынан чыгарылышы мүмкүн.
Эгер дисциплинардык өндүрүштүн жүрүшүндө милиция кызматкеринин
аракетинде/аракетсиздигинде кылмыш ишинин курамынын белгилери бар
экендиги аныкталса, аны аныктаган адам кызматтык териштирүүнүн
материалдарын прокуратура органдарына же УКМКга жөнөтөт.
3. Милиция кызматкерлеринин аракеттерине/аракетсиздигине
карата прокуратура органдарына даттануу
Милиция кызматкерлери тарабынан укуктар орой бузулган учурда,
жарандар прокуратура органдарына кайрылууга укуктуу, алар текшерүү
жүргүзүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим
чыгарууга милдетүү. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу – бул тергөөнүн жана
соттун артыкчылыктуу укугу, бирок жарандар бул процедураны
жеңилдетүүгө аракет кылышат.
Далилдерди чогултуңуз.
Мүмкүн болушунча көп далилдерди чогултуу керек. Бул медициналык
маалымкат, дененин жабыркаган жерлеринин сүрөтү, аудио-видео жазуулар,
кийимдеги тактар, көргөн адамдардын колу коюлган актылар. Көргөн
адамдардын байланыш телефондорун алып коюңуз. Далилдерди чогултууда
аларды кантип колдонууну эске алуу зарыл жана аларды маанилүү кылууга
аракеттенүү керек. Мисалга алсак, дененин жабыркаган жерин сүрөткө
тартып жатсаңыз, сызгычты же башка өлчөөчү куралды коюп тартыңыз,
муну менен гематоманын, айрылган жердин өлчөмүн аныктоого жана
баалоого болот. Фотоаппаратты тартып алынган дата көрүнүп тургандай
кылып коюу керек же объективге тиешелүү датадагы газета киргендей аракет
кылуу зарыл. Ырааттуулукту да сактоо керек, башкача айтканда адегенде
жабыр тарткан адамдын бетин жана денесинин жабыркаган жерлерин
сүрөткө тартып алып, андан кийин майда-чүйдөсүнө чейин сүрөткө
тартсаңыз болот. Эгер сиз жерди сүрөткө тартып жаткан болсоңуз
ориентирди кошо алыңыз, эгер бул машина болсо, анда ал объективге
мамлекеттик номуру менен тартылгандай болсун ж.б. Эгер аудио жазуу
жүргүзүлүп жатса, анда күйгүзгөндөн кийин датаны, убагын, милиция
кызматкерлеринин аттарын айтууга аракет кылыңыз. Акт түзүлүп жатканда
болуп өткөн окуянын субъективдүү баалоосун сүрөттөбөстөн, фактыларды,
сөзсүз түрдө датасын, түзүү убагын, катышкан адамдардын ФАА жазыңыз.
Арыз менен прокуратурага кайрылыңыз.
Арыз кылмышка шектүү делген кызматкерлер иштеген райондун, же
окуя болгон жер боюнча райондун прокуратурасына берилет. Арызда
маанилүү учурлар көрсөтүлүшү зарыл: жагдайдын сүрөттөлүшү, убагы, орду,
числосу, катышкан адамдардын аттары жана сырткы көрүнүштөрү, ошондой
эле алардын колдонгон ыкмалары. Далилдер болсо, аларды кошо тиркөө
керек. Арыздын аягында талапты так жазуу керек, б.а. кылмыш ишин козгоо,
күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу, көрүлгөн чаралар
жөнүндө билдирүү. Арызды эки нускада жазуу керек, алардын биринде иш
кагаздар бөлүмүнө берип жатканда анын кабыл алынгандыгы тууралуу кабыл
алып жаткан кызматкердин ФАА, датасы көрсөтүлүү менен колу коюлат.
Арыздын бул нускасын өзүңүздө калтыруу керек, кийинчерээк ал арыз
берилгендигинин далили болуп кызмат кылышы мүмкүн.
Тергөө органдары менен кызматташууга даяр болңуз. Кылмыш иши
козголгонго чейин прокуратура органдары сиз жазган окуяга текшерүү
жүргүзүүгө тийиш. Эгер сизге карата дене күчү колдонлган болсо, анда
тергөөчү соттук-медициналык экспертизаны дайындайт, аны кийинкиге
калтырбастан өтүү зарыл, анткени дененин жабыркаган жерлери айыгышы
мүмкүн. Үч күндүн ичинде прокуратуранын тергөөчүсү кылмыш ишин
козгоо же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарууга
тийиш жана кабыл алынган чечим тууралуу сизге билдириши керек.
Кылмыш ишин козгоодон баш тартууда, сизге бул токтомдун көчүрмөсүн
жөнөтүүгө милдеттүү3
, бирок, көп учурларда почта аркылуу билдирүү гана
жөнөтүп коюшат, же жөн гана этибарга алышпайт. Эгер сизге токтомдун
көчүрмөсүн беришпесе, прокуратуранын кызматкерлерине карата чара көрүү
жөнүндө Башкы прокуратурага даттануу жазыңыз.
Сиздин андан аркы аракеттериңиз прокуратура органынын кандай
чечим кабыл алганынан көз каранды болот. Шарттуу түрдө, арыз берүүчүгө
карата кабыл алынган чечимдерди «оң» жана «терс» деп бөлүүгө болот. Эгер
сиз терс жооп алсаңыз (кылмыш ишин козгоодон баш тартуу, ишти токтотуу,
тергөөнү токтото туруу), анда прокуратура органдарынын
аракетин/аракетсиздигин токтомду колго алган учурдан тартып жети
сутканын ичинде жогорку турган прокуратурага же сотко даттанууга болот.
Даттануунун тартиби төмөндөгү бөлүмдөрдө көрсөтүлгөн. Эгер оң жооп
алган болсоңуз, төмөнкү рекомендацияларды караңыз.
Тергөө стадиясында ишке катышыңыз.
Кылмыш иши козголгон учурда прокуратура тергөө иштерин жүргүзөт.
Кылмыштын оордугуна жараша тергөөнүн жалпы мөөнөтү 1-2 ай болот.
Бирок бул мөөнөт Бишкек ш. прокурору же облустук прокурор тарабынан 6
айга чейин, Башкы прокурордун орун басары тарабынан 9 айга чейин
узартылышы мүмкүн. 9 айдан ашык болсо тергөө Башкы прокурор
тарабынан гана узартылат. Адатта, тергөөнүн мөөнөтүнүн узартылышы
негизди талап кылат жана прокурордун тигил же бул себептер бонча
белгиленген мөөнөттө өзүнө коюлган милдеттенмелерин аткара албагандыгы
тууралуу айтылат, ошондуктан практика жүзүндө кылмыш ишин
создуктуруунун башка механизмдери көп кездешет. Кылмыш ишинин
3
156-1-берене 31.12.14-ж. № 18 КР Мыйзамында баяндалган
создуктурулушуна багытталган бардык аракеттерди сунуш кылынган
процедураларга ылайык даттануу керек.
Токтом менен сиз жабырлануучу деп табыласыз, б.а. кылмыш ишинде
процесстик макамды аласыз, жана сиз өз укуктарыңызды жүзөгө ашыруу
менен тергөө стадиясына катыша аласыз. Жабырлануучу КР КЖПКнын 50-б.
каралган укуктарга жана милдеттерге ээ.
Жабырлануучунун төмөнкүдөй укуктары бар: 1) айыпкерге коюлган
күнөөнүн маңызын билүү; 2) көрсөтмө берүү; 3) далил келтирүү; 4) өтүнүч
жана баш тартуу билдирүү; 5) өз эне тилинде же өзү билген тилде көрсөтмө
берүү; 6) тилмечтин кызматынан пайдалануу; 7) өзүнүн өкүлүнө ээ болуу; 8)
өзүнүн өтүнүчү боюнча же өз өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү
тергөө аракеттерине катышуу; 9) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн
тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышуу жана аларга карата
пикирин билдирүү; 10) тергөө бүткөндөн кийин иштин бардык материалдары
менен таанышуу жана андан зарыл маалыматтарды көчүрүп алуу; 11)
кылмыш ишин козгоо, жабырлануучу деп табуу же андан баш тартуу,
кылмыш куугунтугун токтотуу жөнүндө токтомдордун көчүрмөлөрүн,
айыпкер катары ишине тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн, ошондой эле
соттун чечимдеринин көчүрмөсүн алуу; 12) сотко катышуу; 13) соттогу
талаш-тартыштарда чыгып сүйлөө, айыптоону колдоо; 14) сот отурумунун
протоколу менен таанышуу жана ага карата пикирлерин билдирүү; 15)
алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине, тергөөчүнүн,
прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттануу; 16)
соттун чечимдерине даттануу; 17) иш боюнча берилген даттануулар,
сунуштар жөнүндө билүү жана аларга каршылык билдирүү;18) даттануулар
менен өтүнүчтөрдү сотто кароого катышуу;19) жазык-прцоессуалдык
кодексинде жол берилген учурларда айыпкер менен жарашуу; 20) кылмыш
аркылуу келтирилген зыяндын ордун мамлекеттин эсебинен толтуруп алуу;
21) заттык далил катары же башка негиздер боюнча жазык процессин
жүргүзүп жаткан орган кылмыш жасаган адамдан алып койгон мүлкүн, өзүнө
таандык болгон расмий документтердин түп нускасын кайта алуу; 22)
соттолгон адамдан кылмыштын айынан келтирилген моралдык зыяндын
ордун толтурууну талап кылуу
Жабырлануучу төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) тергөөчүнүн, прокурордун
жана соттун чакыруусу боюнча келүүгө; 2) көрсөтмө берүүгө, иш боюнча
өзүнө белгилүү болгон бардык маалыматтарды туура айтып берүүгө; 3)
өзүндөгү буюмдарды, документтерди, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү
берүүгө; 4) тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талабы боюнча
күбөлөндүрүүдөн өтүүгө; 5) иш боюнча өзүнө белгилүү жагдайлар
туурасында маалыматтарды ачыкка чыгарбоого; 6) тергөөчүнүн,
прокурордун, соттун буйругуна баш ийүүгө;7) сот отурумунда тартипти
сактоого.
Жабырлануучунун жоопкерчилиги: жабырлануучу чакыруу боюнча негизсиз
себептер менен келбей калганда, ал мажбурлап алынып келүүгө дуушар
болот же эки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (200сом) акчалай айыпка
жазаланат. Акчалай айып тууралуу чечим сот тарабынан гана кабыл
алынышы мүмкүн, ошондуктан сот тийиштүү чечим чыгарганга чейин
кимдир бирөөнүн колуна төлөөгө болбойт. Көрсөтмө берүүдөн баш
тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн
жабырлануучу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-
331-беренелери боюнча жоопкерчилик тартат
Юриспруденция жаатында атайын билимдерге ээ болбой туруп, сиз
тергөөнүн кылдаттыгын колдон чыгарып жибересиз, ал кийинчерээк иштин
натыйжасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, ошондуктан биз ишке
жактоочуну тартууну жана/же укук коргоо уюмдарына кайрылууну сунуш
кылабыз.
Тергөөнүн аягында прокуратура төмөнкү токтомдордун бирин чыгарышы
мүмкүн:
- айыпкер катары тартуу жана кылмыш ишин сотко өткөрүп берүү жөнүндө;
- ишти токтотуу жөнүндө;
- тергөөнү токтотуп туруу жөнүндө.
Сотко катышыңыз.
Эгер текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча прокуратура кылмыш
ишин козгосо, тергөө жүргүзсө, айыпты койсо, жана ишти сотко жөнөткөн
болсо, жабырлануучу укугунда сотто айыптоого колдоо көрсөтүңүз. Эгер
милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери менен материалдык
жана/же моралдык зыян келтирилсе, анда сиз келтирилген зыяндын ордун
толтурууну талап кылууга укуктуусуз. Жазык процессинде келтирилген
материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу тууралуу талап доо
арызы түрүндө берилет жана мамлекеттик алым алынбайт. Доо арызы
кылмыш иши козголгон учурдан соттук териштрүүлөр башталганга чейин
берилүүгө тийиш. Доо арызы кылмыш иши менен чогуу каралат да, ал
боюнча чечим кабыл алынат.
Кылмыш ишинин соттук териштирүүлөрү көпкө созулушу мүмкүн,
ошондуктан чыдамдуу болуңуз жана юристтердин байланыш телефондорун
алып коюңуз.
4. Кызмат адамдарынын аракеттерине/аракетсиздиктерине сот
тартибинде даттануу.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан мамлекеттик
органдардын чечимдерине жана кызмат адамдарынын
аракеттерине/аракетсиздиктерине даттануу үчүн кеңири база түзүлгөн. Эгер
мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын укук ченемсиз
аракеттери (чечимдери) менен өздөрүнүн укуктары менен эркиндиктери
бузулду деп эсептесе, ар бир адам даттануу менен сотко кайрылуу укугуна
ээ.
Эгер жаран адегенде жогорку турган мамлекеттик органга даттануу
менен кайрылып, анын даттануусу боюнча кабыл алынган чечим менен
макул болбосо, анда анын бул чечимге сот тартибинде даттанууга укугу бар.
Мамлекеттик органга даттануу менен кайрылабы же көйгөйдү чечүү
үчүн дароо эле сотко кайрылабы, жаран өзү чечерин белгилей кетүү керек.
Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз
аракеттерин/аракетсиздиктерин сотко даттануунун тартиби Кыргыз
Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодекси тарабынан каралган
(мындан ары – КР ЖПК), ал эми тергөөчүнүн, прокурордун аракеттери жана
чечимдери, ошондой эле милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодекси (мындан ары текст
боюнча –КР КЖПК) менен жөнгө салынат
Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине/аракетсиздиктерине
административдик иштер боюнча жарандык сот өндүрүшү тартибинде
даттануу.
КР Жарандык процессуалдык кодексинин «Администрациялык иштер
боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү» делген 26-главасында милиция
кызматкерлеринин аракеттерине сыяктуу эле мамлекеттик бийлик
органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын
кызмат адамдарынын аракеттерине/аракетсиздиктерине даттануунун тартиби
көрсөтүлгөн. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө»
Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары –
коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү
боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу, мамлекеттик
куралдуу укук коргоо органы.4
«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» КР Мыйзамы мамлекеттик кызматты
уюштуруунун негиздерин аныктайт, мамлекеттик кызмат адамынын
макамын, мамлекеттик кызматты өтөөнүн шарттарын, мамлекеттик
кызматкерлерге кызыктырып дем берүү системасын жана
жоопкерчиликтерин жөнгө салат. Мыйзамдын аракети укук коргоо
органдарынын кызматкерлери макамына ээ болгон адамдарга карата
жайылтылат. Мындан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин
аракеттерине/аракетсиздигине даттануу администрациялык сот өндүрүшүнүн
предмети болуп саналары келип чыгат.
КР ЖПКнын 262-беренесине ылайык даттанылуучу
аракеттерге/аракетсиздикке төмөнкүлөр кирет:
- жарандардын, юридикалык жактардын укуктары жана эркиндиктери
бузулса;
- жарандын же юридикалык жактын өз укуктарын, эркиндиктерин,
мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруусуна тоскоолдук жаратылса;
- эгер жаранга, юридикалык жакка милдеттер мыйзамсыз тагылса же алар
администрациялык жоопкерчиликке мыйзамсыз тартылса.
Мисалга алсак: жаран мамлекеттик органга кайрылуу берүүгө өз
укугун жүзөгө ашыруу менен, ИИБнын тиешелүү бөлүмүнө арыз берүүгө
ниеттенип жатат, бирок анын арызын кабыл алуудан же арыздардын эсебин
алуу журналына каттоодон баш тартып жатышат. Демек, милиция
кызматкери тарабынан даттанууга укугу бузулду жана аны жүзөгө ашырууга
тоскоолдук жаралды. Ушул чыр-чатактуу жагдайда жаран милиция
кызматкеринин мыйзамсыз аракеттерине сот тартибинде даттанууга укуктуу.
Администрациялык иштер укук коргоо органдарынын, же милиция
кызматкеринин турган жериндеги аймак боюнча райондор аралык сот
тарабынан каралат. Мисалы, эгер ИИО Бишкек шаарынын аймагында турса,
анда администрациялык иш Бишкек ш. Райондор аралык соту тарабынан
каралууга тийиш.
4
«Ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси ;
Сотко арыз менен так белгиленген мөөнөттө – алардын жасалганы
сизге белгилүү болгон күндөн тартып үч айдын ичинде берилүүгө болорун
билүү керек. 5
Көңүл буруңуз, даттануу үчүн мөөнөт бузууга жол берилген
учурдан эмес, укуктун бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон учурдан
башталып эсептелет.
Үч айлык мөөнөт өткөрүлүп жиберген учурда сотко кайрылууга
укугуңуз бар, бирок арызга өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү
жөнүндө өтүнүч тиркелүүгө тийиш, анда кандай негиздүү себептер менен
мөөнөт өткөрүлүп кеткенин көрсөтүү зарыл. Сот арызды кабыл алууга
милдеттүү, арызды кароо тууралуу маселе өзүнчө сот отурумунда чечилет.
Сот тарабынан өткөрүлүп жиберилген мөөнөттүн себептери негиздүү
(мисалы, ооруп калуу, иш сапарында болуу ж.б.) деп табылган учурда арыз
оң каралат. Эгер сот өткөрүлүп жиберилген мөөнөттүн себебин негизсиз деп
тапса, анда бул өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү
жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиз блуп саналат.
Өздөрүнүн укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган деп
эсептешкен жарандар, юридикалык жактар администрациялык иштер боюнча
арыздануучулар болушу мүмкүн.
Арыз КР ЖПКнын 132, 264-беренелеринин талаптарына ылайык
жазылууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арыз бериле турган соттун аталышы;
2) доогердин аталышы, анын жашаган жери жана, эгерде доогер
юридикалык жак болуп саналса, анын турган жери, ошондой эле, эгерде
арызды анын өкүлү берсе, өкүлдүн аталышы жана анын дареги;
3) жоопкердин аталышы, анын жашаган жери же, иштеген жери;
4) органдын же кызмат адамынын аракеттерин же аракетсиздигин
сыпаттоо жана алардын аталышы;
5) доогер өзүнүн талаптарын негиз кылып жаткан жагдайлар, жана бул
жагдайларды тастыктаган далилдер, аракет же аракетсиздик менен кайсы
конкреттүү укуктар, эркиндиктер же мыйзамдуу укуктар бузулгандыгы
жөнүндө көрсөтүү;
6) даттанылып жаткан аракет же аракетсиздик менен Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын кайсы беренелери же бөлөк
мыйзамдары бузулгандыгы тууралуу көрсөтүү;
6) арыз ээсинин даттанылып жаткан аракетке же аракетсиздикке карата
талаптары;
5
Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексинин 263-беренесинин 3-бөлүгү.
7) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеси.
Арызда талаштын чечилиши үчүн маанилүү болгон бөлөк маалыматтар
да көрсөтүлүшү мүмкүн, ошндой эле доогердин өтүнүчү баяндалат.
Арыз сот өндүрүшүнө кабыл алынган учурда, арыз сотко келип түшкөн
күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө судьянын жеке өзү тарабынан аныктама
чыгарылат, анда сот отурумунда ишти териштирүүнүн дайындалгандыгы,
аны өткөрүүнүн убагы жана орду тууралуу көрсөтүлөт. Арыздын өндүрүшкө
кабыл алынгандыгы жөнүндө аныктаманы сот ал чыгарылгандан кийинки
күндөн кечиктирилбестен ишке катыша турган адамдарга жөнөтөт.
Андан ары, арыз иш өндүрүшкө кабыл алынган учурдан бир айдан
ашпаган мөөнөттө сот тарабынан каралат, эгер арыз берүүчү же милиция
кызматкери сот отурумуна келишпесе, анда арыз алардын катышуусуз эле
карала берет, бирок аларды сот отурумунун убагы жана орду тууралуу
тийиштүү түрдө кабардар кылган шарттарда. Соттун колунда соттун
билдирүүсүн алгандыгы тууралуу, же алгандан баш тарткандыгы жөнүндө
так маалымат болсо, тийиштүү түрдө билдирүү деп таанылат, ошндой эле
процесстик милдеттер бузулганда (мисалы, эгер арыз берүүчү өзүнүн
жашаган жеринин дарегинин алмашылгандыгы жөнүндө сотко эскертпесе).
Администрациялык иштер боюнча жоопкерге карата «жазык
жоромолу» принциби эске алынарын өзгөчө белгилей кетүү керек, жана
даттанылып жаткан аракеттин/аракетсиздиктин мыйзамдуулугун жана
негиздүүлүгүн далилдөө милдети укук коргоо органына, же ага жол берген
кызмат адамына жүктөлөт.
Ишти карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча сот төмөнкүдөй
чечимдерди чыгарышы мүмкүн:
1) кызмат адамынын аракети/аракетсиздиги мыйзамсыз деп табылат жана
арыз берүүчүнүн укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу
кызыкчылыктарынын жол берилген бузулушун толук көлөмдө четтетүүгө
органды же кызмат адамын милдеттендирет;
2) эгер укук коргоо органынын, анын кызмат адамдарынын
аракети/аракетсиздиги мыйзамга туура келгендиги, алардын ыйгарым
укуктарынын чегинде жасалгандыгы жана арыз берүүчүнүн укуктары,
эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбагандыгы
аныкталган болсо, арыздануучуга анын талаптарын канааттандыруудан баш
тартылат.
Эгер сот тарабынан аракет/аракетсиздик мыйзамсыз деп табылса , муну
менен катар жаранга карата колдонулган жоопкерчилик чаралары алынып
салынат же анын бузулган укуктары менен эркиндиктери бөлөк жол менен
калыбына келтирилет. Соттун чечими менен даттануунун
канааттандырылышы андан ары тиешелүү мыйзамдарда каралгандай,
жумуштан кетирүүгө сунуш берүүгө чейин, милиция кызматкеринин
жоопкерчилиги жөнүндө маселени жетекчиликтин алдында коюу үчүн негиз
болуп саналат.
Кылмыш иши боюнча өндүрүштү жүргүзүшкөн мамлекеттик органдар
менен кызмат адамдарынын аракеттерин жана чечимдерин жазык сот
өндүрүшү тартибинде даттануу.
Тергөөчүнүн, прокурордун кылмыш ишин козгоодон баш тартуу,
кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомдорду, ошого тете жазык сот
өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана
эркиндиктерине зыян келтирүүгө жана жарандардын сот адилеттүүлүгүнө
жетишүүсүн кыйындатууга жөндөмдүү болгон бөлөк чечимдери жана
аракеттери/аракетсиздиги сотко даттанылышы мүмкүн. Даттануу «Кылмыш
иши боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырышкан мамлекеттик органдар менен
кызмат адамдарынын аракеттерине жана чечимдерине даттануу» деген
КР КЖПКнын 15-главасына ылайык берилет жана каралат.
Кийин сотко берүү үчүн кылмыш иши боюнча далилдери чогултууга
жана текшерүүгө багытталган, иш боюнча өндүрүштүн катышуучусу
тарабынан жасалган аракет жазык укугунда процесстик аракет болуп саналат.
Ошону менен бирге процесстик аракеттин жүрүшүндө тиешелүү документ
түзүлөт, мисалы, кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу токтом, сурак
жүргүзүү өндүрүшү жана тийиштүү протоколдун жол-жоболоштурулушу
ж.б.
Тергөөчүнүн, прокурордун чечимдерине даттануулар тергөөнүн
бүтүндөй өндүрүшүнүн же териштирүү өндүрүшүнүн орду боюнча соттук
териштирүүнүн ичинде берилиши мүмкүн.
Даттануу келип түшкөндөн 5 суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө
судья арыз берүүчүнүн жана анын жактоочусунун, мыйзамдуу өкүлүнүн же
өкүлүнүн, эгер алар кылмыш ишинде катышып жатышса, катышуусу менен
сот отурумунда тергөөчүнүн, прокурордун аракетинин/аракетсиздигинин
мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет. Сотто даттанылып жаткан
аракеттерде/аракетсиздикте же чечимдерде кызыкчылыктарына түздөн-түз
доо кетип жаткан башка адамдар да, ошондой эле прокурор катышат.
Соттук отурумдун башталышында судья кандай даттануу карала
тургандыгын жарыялайт, сот отурумуна келген адамдарга өзүн тааныштырат,
алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин
арыздануучу даттануусун негиздейт, андан кийин сот отурумуна келген
башка адамдар угулат. Арыздануучуга реплика берүүгө мүмкүнчүлүк
берилет.
Даттанууну карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча судья төмөнкүдөй
токтомдордун бирин чыгарат:
1) тиешелүү кызмат адамынын аракеттерин (аракетсиздиктерин) же
чечимдерин мыйзамсыз/негизсиз деп табуу жөнүндө жана анын жол
берилген бузууларды четтетүү милдети жөнүндө;
2) даттанууну канааттандыруусуз калтыруу тууралуу.
Эгер муну тергөөчү, прокурор же судья туура деп таппаса, даттанууну
алып келүү даттанылып жаткан аракеттин өндүрүшүн жана даттанылып
жаткан чечимдин аткарылышын токтото турбайт.
Биринчи инстанциядагы соттун чечими, эгер аны менен макул
болбогон учурда, жогору турган сотко кассациялык тартипте жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл иретинде даттанылат жана
каралат. Соттун токтомуна жеке даттануу биринчи инстанциядагы сот
аркылуу берилет жана ал төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
 даттануу же сунуш даректелген соттун аталышын;
 даттануу же сунуш берген адам жөнүндө маалыматтарды (анын
процесстик абалын), анын жашаган жерин же турган жерин;
 даттануу берилген токтомду жана ушул чечимди чыгарган соттун
аталышын;
 даттануу берген адамдын жүйөлөрү жана анын өтүнүчүнүн маңызы;
 даттанууга тиркелген материалдардын тизмесин;
 даттануу берген адамдын койгон колун.
Кассациялык инстанциядагы сот даттанууну карап чыгып, биринчи
инстанциядагы соттун токтомун күчүндө калтырышы, өзгөртүшү же
ишти биринчи инстанциядагы сотко жиберүү менен жокко чыгарышы
мүмкүн. Көзөмөл иретиндеги даттануунун мазмунуна жана даттанууну
берүүнүн тартибине кассациялык тартипте даттануудагыдай эле
талаптар көрсөтүлөт. Көзөмөл инстанциясындагы сот, ишти көзөмөл
иретинде карап, төмөнкүлөргө укуктуу:
 жергиликтүү соттун сот актысын (сот актыларын) күчүндө калтырууга;
 иш боюнча мурун чыгарылган сот актыларынын бирөөнү күчүндө
калтырууга жана калган сот актыларын жокко чыгарууга;
 жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана ишти
биринчи инстанциядагы же апелляциялык инстанциядагы соттун
жаңы кароосуна берүүгө;
 жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жаңы
чечим кабыл алууга.
5. Акыйкатчынын жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук
борбордун милдеттери
Акыйкатчы институту (мындан ары «Акыйкатчы»), Кыйноолорду жана
бөлөк адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоочу мамилелердин жана
жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбор» (мындан ары
«Улуттук борбор») мамлекеттик механизмдер системасында укук коргоону
альтернативдүү эмес, кошумча каражат катары карайт.
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана
эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы
(Омбудсмен) жүзөгө ашырат.
Анын контролдук милдеттеринин бири болуп жабыркаган жарандардан
келип түшкөн мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына
даттанууларын карап чыгуу процесси болуп саналат. Акыйкатчы кызматы өз
ыктыяры менен да аракет кыла алат, таасир кылуу актыларын чыгаруу
аркылуу иликтөө жүргүзүүгө, тигил же бул бузууларды четтетүү тууралуу
сунуш берүү ыйгарым укугуна ээ. Бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болбогон
мамлекеттик орган болуп саналып, Акыйкатчы жарандардын
кызыкчылыктарын коргоо жана жаран-мамлекет өз ара мамилелеринде
мамлекеттик кызматчыларды контролдоого чакырган жарандык коомдун
өкүлү катары чыгат, ошону менен бирге өзүнүн ден соолугунун абалы же
бөлөк негиздүү себептер менен муну өз алдынча жасай албаган адамдардын
атынан сотто өкүлчүлүк кылуу болгон өзүнүн милдеттеринин бирин жүзөгө
ашырат. Бирок мында акыйкатчы бузууларга жол бергендиктери үчүн
чиновниктерди жазалоого укугу жок, кызмат адамдарынын чечимдерин
өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укугу жок, бирок ал жол берилген
бузууларды четтетүү боюнча аларга сунуштарын берүүгө укугу бар.
Акыйкатчы сот өндүрүшүнүн предмети болуп саналган, жана өз
аракеттерин токтотуп жаткан даттануулар боюнча жагдайларды
караштырбайт, эгер алар баштагандан кийин кызыкдар болгон жак сотко
кайрылса. Бирок, бул учурда дагы жарандын өтүнүчү же өз ыктыяры менен
акыйкатчы тигил же бул иштин жүрүшүн контролдоп турууга укугу бар,
мында ал кеңештерин берип турат же байкоочуларын жөнөтөт, мисалы, сот
отурумдарына. Эгерде жаңы жагдайлар келип чыкпаса, мурун чечим кабыл
алынган арыздарды же даттанууларды Акыйкатчы карабай коюуга укугу бар.
Адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин
бузулгандыгы билинген күндөн тартып бир жылдын ичинде кайрылуулар
акыйкатчыга жазуу түрүндө берилет. Өзгөчө жагдайлар болгондо гана, бул
мөөнөт Акыйкатчы тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок эки жылдан
ашпоого тийиш.
Улуттук борбордун ишмердүүлүк чөйрөсү кыйла тар багытталган,
көбүнчө алдын алуучулук мүнөзүн алып жүрөт. Улуттук борбордун негизги
милдети кыйноолорду жана бөлөк адамгерчиликсиз же кадыр-баркты
басмырлоочу мамилелерди жана жазанын түрлөрүн ачып көрсөтүү
максатында эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жайларга
такай барып туруу болуп саналат.
Эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жайларга кирүү
өтө чектелген, Улуттук борбордун кызматкерлери эркиндиктеринен
ажыратылган жана эркиндиги чектелген жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө
укуктары бар, ошондуктан алардын барып турушу ал жактагы камалган
адамдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоонун жалгыз
мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн. Пландагы баруунун жүрүшүндө, же
эркиндигинен ажыратылган же эркиндиги чектелген жайлардагылардын
туугандарынын же тааныштарынын кайрылуусу боюнча Улуттук борбордун
кызматкерлери обочолоп аңгеме жүргүзүү процессинде зомбулуктун,
адамдын кадыр-баркын басмырлоочу мамиленин колдонулгандыгын
билишет, дененин жабыркаган жерлерин белгилешет, ошондой эле алардын
адистешкен процедураларды жүргүзүү үчүн медицина кызматкерлерин
чакырууга укуктары бар. Алар ошол жайларда адамга даттануу, арыз жазууга
мүмкүнчүлүк беришет жана аларды тийиштүү органдарга өткөрүшөт. Кармап
туруу шарттары, тамактандыруунун сапаты, зарыл буюмдардын болушу ж.б.
тууралуу маалыматтар өлкөнүн парламенти тарабынан карала турган
баяндамага киргизилет.
Ушул мамлекеттик органдардын көз карандысыз абалы абдан мааниге
ээ. Анткени кызмат адамынын аракетин башка органга даттанууда, бийлик
төбөлдөрү, жеке жана ведомстводук мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып,
даттануу келип түшкөн адамдын кызыкчылыктарын коргоп коюшунун
ыктымалдыгы бар.
Жогорку Кеңеште угулган ар жылкы жана атайын баяндамаларында
Акыйкатчы да, Улуттук борбор дагы кызматкерлери адамдын укуктары
менен эркиндиктеринин бузулушуна жол берген, Акыйкатчы менен Улуттук
борбордун таасир кылуу актыларын тоотпогон мамлекеттик органдарды
белгилеп кетишет. Баяндамаларда адамдын укуктары менен
эркиндиктеринин бузулушуна себеп болгон мыйзамдагы кемчилдиктер,
жетишсиз каржылоо да көрсөтүлөт, укукту жүзөгө ашыруу тажрыйбасынын
жетишпеген жактарын санап өтүшөт. Улуттук борбор менен Акыйкатчынын
баяндамалары адам укуктарын коргоо жаатындагы чыныгы абал жана болгон
көйгөйлөр тууралуу мыйзам чыгаруучуларды маалым кылуунун маанилүү
булагы болуп саналат.
6. Кылмыш жана администрациялык тартипте кармоонун жалпы
аспектилери.
Эгер бул коомдун коопсуздугунун кызыкчылыгында, бөлөк
адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин кызыкчылыгында зарыл
болсо, Укук коргоо органдары адамдын эркиндигин жана жеке кол
тийбестигин чектөөгө укугу бар. Кармоо – бул процесстик мажбурлоонун
чарасы, анын маңызы кылмыш жасаган же администрациялык укук бузган
деп шектелүүчүнүн кыска мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышында турат.
Кармоонун эки түрү болушу мүмкүн – администрацялык укук
бузууга жана кылмыштык куугунтуктоого байланыштуу. Администрациялык
кармоонун тартиби жана мөөнөтү кылмыштыктан айырмасы бар, бирок эл
аралык укук тарабынан белгиленген жалпы эрежелери да бар. Бул эрежелер
көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да иштейт:
Биринчиден, кармоо жана арест (камакка алуу)6
мыйзамда белгиленген
негиздерде жана мыйзамда белгиленген тартипте гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Экинчиден, кармалган адамга аны кармалышынын себептерин
билдирүү керек, ал эми аягында кандай коюлган күнөө же укук бузууларга
айыптоо болбосун токтоосуз маалымдоо керек.
Үчүнчүдөн, кармоонун зарылдыгы жана кармоонун мыйзамдуулугу
жөнүндө маселе сот тарабынан каралууга тийиш. Ошону менен бирге
камакка алуу ал тергөөдөн же соттон качып кетет, иш боюнча чындыкты
аныктоого тоскоолдук кылат деген жетишерлик негиздер болгон учурларда
гана колдонулат.
Төртүнчүдөн, кармоонун мыйзамдуулугу же камакка алуу сот
тарабынан тастыкталгандан кийин, адам жогору турган сотко судьянын
токтомун даттанууга укугу бар.
6
Арест термини ата мекендик юристтердин кесиптик баарлашуусунда колдонулат жана адатта тергөөнүн
жана соттук терштирүүнүн убагында камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын түшүндүрөт.
Бешинчиден, мамлекет мыйзамсыз кармоо же камакка алуу менен
адамга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
Администрациялык кармоо
- бул жеке адамдын кыска убакытка эркиндиктеринин чектелиши, ал
өзгөчө учурларда колдонулушу мүмкүн, бул иштин туура жана өз убагында
каралышын, административдик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча
токтомдун аткарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл. Администрациялык
кармоонун мөөнөтү 3 сааттан ашпоого тийиш.
Өзгөчө учурларда, судья же ички иштер органдарынын тиешелүү
кызмат адамы тарабынан администрациялык материал каралганга чейин,
административдик укук бузуулар боюнча кошумча жагдайларды билүүнүн
же кармалган адамдыгын өздүгүн аныктоонун зарылдыгында кармоонун
мөөнөтү ички иштер органдарынын начальниги же анын орун басары
тарабынан администрациялык укук бузуулар үчүн 48 саатка чейин
узартылышы мүмкүн, кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде бул
жөнүндө прокурордун жазуу түрүндөгү билдирүүсү менен
администрациялык камакка алуу каралган. Ошону менен бирге кармалган
учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу
жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш, бул Кыргыз
Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин
565-беренесинде каралган.
Укук бузуулардын кандай түрлөрү үчүн администрациялык кармоо
колдонулат?,- деген суроо туулуп калышы мүмкүн. Укук бузуулардын
мындай түрлөрү көп эмес. Алсак, Администрациялык жоопкерчилик
жөнүндө КР кодексинин 564-беренесине ылайык администрациялык укук
бузган адамды кармоо ички иштер органдары тарабынан төмөнкүдөй укук
бузууларга карата жүргүзүлөт:
 Майда бейбаштык;
 Үй-бүлөлүк зомбулук жасалганда;
 Чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана
демонстрацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
бузулганда;
 Мыйзамсыз жол тоскондо;
 Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган бирикмелерди түзүүдө жана ага
активдүү катышканда;
 Өзгөчө абалдын шарттарында белгиленген талаптар бузулганда;
 Милиция кызматкерлеринин, коомдук тартипти камсыз кылуу
жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык
милдеттерин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамдардын
мыйзамдуу буйругуна же талабына кыянаттык менен баш
ийбегенде;
 Товарларды жана башка буюмдарды мыйзамсыз сатканда;
 Спирт ичимдиктерин коомдук жайларда ичкенде же ададмык
кадыр-баркты жана коомдук адеп-ахлакты мазактаган мас
абалда коомдук жайларда;
 Жол кыймылынын эрежелери, аңчылык кылуу эрежелери
бузулганда;
 Сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги
каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз
даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же
жөнөткөндө.
Кылмыш тартибинде кармоо
Шектелип жаткан адамды кармоо - процесстик мажбурлоо чарасы, ал
алгачкы тергөө жүргүзүү органы, алгачкы тергөө жүргүзүүчү, тергөөчү же
прокурор тарабынан колдонулат, кылмышка шектүү адамдын анык
кармалган учурунан тартып 48 саттан ашык эмес мөөнөткө кармалышы
мүмкүн. Кылмыш жасоодо шектүү делген адамды кармоо үчүн төмөнкүлөр
негиз боло алат:
1) адам кылмыш жасалган мезгилде же ал жасалгандан кийин түздөн-түз
колго түшсө;
2) көрүп тургандар, анын ичинде жабырлануучулар ошол адамды
кылмыш жасаган адам катары ачык көрсөтүп турушса;
3) эгер шектелип жаткан адамдан же анын кийиминен, анын жанынан же
жашаган жеринен кылмыштын ачык белгилери табылса.
(2) Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка
маалыматтар болгондо, ошондой эле анын туруктуу жашаган жери
болбогондо, анын өздүгү аныкталбаганда жана ал тарабынан качууга аракет
жасалганда, ал кармалышы мүмкүн.
Кармоону жүргүзгөн кызматкер кармоонун зарылдыгын так негиздөөгө
тийиш экендигин белгилей кетүү маанилүү.
7. Жеткирүүдө, кармаганда, текшерүүдө, тинтүүдө, алып коюуда
кандай аракет кылуу керек
Күбөлүгүн көрсөтүүсүн талап кылыңыз
Кармоо укук коргоо органдарына жөн гана чакыруу менен башталышы
мүмкүн. Тартип сактоочулардын кейпин кийип алып иш кылган алдамчылар
менен талап-тоногучтардан өзүңүздү коопсуз кылуу үчүн кызматтык
күбөлүгүн көрсөтүүлөрүн талап кылыңыз. Укук коргоо органдарынын
чыныгы кызматкерлери талабыңыз боюнча күбөлүктү көрсөтүүгө милдеттүү.
Мында күбөлүк сиз аны окуп – изилдегенге мүмкүндүк болгондой кылып
көрсөтүлүшү керек, б.а.:
 Күбөлүктөгү сүрөт менен кызматкердин өңүнүн окшоштугуна
ынануу керек;
 Сүрөттөгү мөөрдүн оттиски күбөлүктөгү оттисктин бөлүгү менен
дал келерине;
 Күбөлүктүн жарамдуулук мөөнөтү өтүп кете электигине ынануу;
 Күбөлүктү берген органдын аталышын, милиция кызматкеринин
кызматын жанан ФАА, күбөлүктүн номурун жазып алыңыз.
Эгер өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган адам күбөлүктү
көрсөтүүдөн баш тартса, сиз ага баш ийбей койгонго, андан ары
сүйлөшүүлөрдү токтотууга укугуңуз бар.
Чакыртманы көрсөтүүсүн талап кылыңыз
Эгер милиция кызматкерине аңгемелешүүнү жүргүзүү зарыл болсо, ал
адамдын атына чакыртма жазып берүүгө милдеттүү. Чакыртма төмөндөгүдөй
милдеттүү түрдөгү маалыматты камтууга тийиш:
 кимди чакырып жатат (сиздин фамилияңыз жана дарегиңиз);
 ким катары чакырылып жатат (күбө, шектүү, күнөөлүү,
жабырлануучу);
 чакыруунун максаты;
 кимге чакырылып жатат (тергөөчүнүн фамилиясы);
 кайда чакырылып жатат (милиция органынын толук аталышы жана
дареги);
 сиз келе турган дата жана убак;
 келбей калуунун натыйжасы (ИИМ органдары аркылуу мажбурлап
алып келүү).
Эгер сиз кызматкерлерди күбө катары кызыктырсаңыз, алар
аңгемелешүү үчүн өз ара ыңгайлуу убакытты макулдашып алууга тийиш. Сиз
келүүдөн ачык эле баш тарта турган болсоңуз, мажбурлап алып келүүгө
дуушар болушуңуз мүмкүн. Мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомду
тергөөчү, прокурор же судья чыгарат.
Эгер чакыртма кол коюлуп тапшырылган болсо, чакыртмада
көрсөтүлгөн жерге баруу керек. Мүмкүн, байланыш аңгемелешүү түрүндө,
коомдук коопсуздуктун кызыкчылыгында же бөлөк мыйзамдуу
кызыкчылыктар үчүн болот, бирок кандай болгон күндө да чакыруу жөнүндө
өзүңүздүн туугандарыңызга,досторуңузга, кесиптештериңизге, же жөн эле
таанышыңызга эскертип коюңуз же чакырылган жерге жактоочу менен
барыңыз. Күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда алар сизди кайдан издеп
табышаарын билгендей болушсун.
Анык кармалган убакыт эсиңизде болсун
Милиция кызматкерлери сиздин эркиңизге койбой, сизди кайдадыр
алып барууга ниеттенгенин, сиздин бир жерден экинчи жерге барууңузга чек
койгонун же телефон чалууга тоскоолдук кылгандарын сезе баштасаңыз,
ошол учурдан тартып кармоо башталат. Акырында дал ушул убакыт кармоо
протоколунда көрсөтүлүүгө тийиш. Милиция кызматкерлери адатта анык
кармалган убакытты эмес, кармоо протоколу түзүлүп жаткан убакытты
көрсөтүшөт. Мындай учурда, кармоо протоколуна кол коердун алдында, ага
анык кармалган убакыт жөнүндө белгилей кетиңиз.
Тергөөчү сиздин кармалгандыгыңыз тууралуу туугандарыңызга
билдирип коюуга милдеттүү, бирок бул дайыма эле кылына бербейт7
. Өзүңүз
кимдир-бирөөгө сиздин кармалгандыгыңыз тууралуу билдирүүгө аракет
кылыңыз.
Кармалгандыгыңыз тууралуу протокол түзүүнү талап кылыңыз
Административдик же кылмыш жасоодо шектүү катары кармоо
жөнүндө протокол анык кармалган убакыттан тартып үч сааттан ашпаган
мөөнөттө түзүлүүгө тийиш8
. Кармоо протоколунда кармоонун негиздери
жана жүйөлөрү, орду жана убактысы, ошондой эле кармап жаткан убакта
Сизден эмне алынганы сүрөттөп көрсөтүлүшү керек.
Протокол кармалган адамга жана анын жактоочусуна кол коюу үчүн
берилет. Кармалуу тууралуу протоколго кол коюп жатканда протоколдо
көрсөтүлгөн убакыт жана жагдайлар чынында болгон ишке туура келерине
ынанышыңыз керек.
Кармалган адам анын укуктарын жазуу түрүндө түшүндүрүп берүүлөрүн
талап кылууга укугу бар, анткени алардын тизмеси жетишерлик кенен
болгондуктан, аларды эстеп калуу оңой эмес.
Жеке тинтүү жөнүндө протокол түзүүнү талап кылыңыз
Кармалганда алынган буюмдар акыры кайтарылып берилбеген учурлар
болот, ошондуктан жеке тинтүү жөнүндө протоколдун түзүүнү жана ага
алынган буюмдардын тизмесин киргизүүнүн талап кылыңыз. Протокол сизге
кол коюу үчүн берилиши керек. Протоколдун мазмуну менен макул болбогон
учурда ага кол коюудан баш тартсаңыз болот, бирок протоколгоэскертүү
киргизип, анын алдына кол коюу дурус болот.
Жагдайды, жүздөрүн, аттарын, лакап аттарын эстеп калыңыз
7
Жазык-процесстик кодекстин 99-беренеси.
8
Жазык-процесстик кодекстин 95-беренеси.
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции
Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции

Weitere ähnliche Inhalte

Empfohlen

Product Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
Product Design Trends in 2024 | Teenage EngineeringsProduct Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
Product Design Trends in 2024 | Teenage EngineeringsPixeldarts
 
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental HealthHow Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental HealthThinkNow
 
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdfAI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdfmarketingartwork
 
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024Neil Kimberley
 
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)contently
 
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024Albert Qian
 
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie InsightsSocial Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie InsightsKurio // The Social Media Age(ncy)
 
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024Search Engine Journal
 
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summarySpeakerHub
 
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd Clark Boyd
 
Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next Tessa Mero
 
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search IntentGoogle's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search IntentLily Ray
 
Time Management & Productivity - Best Practices
Time Management & Productivity -  Best PracticesTime Management & Productivity -  Best Practices
Time Management & Productivity - Best PracticesVit Horky
 
The six step guide to practical project management
The six step guide to practical project managementThe six step guide to practical project management
The six step guide to practical project managementMindGenius
 
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...RachelPearson36
 
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...Applitools
 
12 Ways to Increase Your Influence at Work
12 Ways to Increase Your Influence at Work12 Ways to Increase Your Influence at Work
12 Ways to Increase Your Influence at WorkGetSmarter
 

Empfohlen (20)

Product Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
Product Design Trends in 2024 | Teenage EngineeringsProduct Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
Product Design Trends in 2024 | Teenage Engineerings
 
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental HealthHow Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
How Race, Age and Gender Shape Attitudes Towards Mental Health
 
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdfAI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
AI Trends in Creative Operations 2024 by Artwork Flow.pdf
 
Skeleton Culture Code
Skeleton Culture CodeSkeleton Culture Code
Skeleton Culture Code
 
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
PEPSICO Presentation to CAGNY Conference Feb 2024
 
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
Content Methodology: A Best Practices Report (Webinar)
 
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
How to Prepare For a Successful Job Search for 2024
 
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie InsightsSocial Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
Social Media Marketing Trends 2024 // The Global Indie Insights
 
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
Trends In Paid Search: Navigating The Digital Landscape In 2024
 
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
5 Public speaking tips from TED - Visualized summary
 
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
ChatGPT and the Future of Work - Clark Boyd
 
Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next Getting into the tech field. what next
Getting into the tech field. what next
 
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search IntentGoogle's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
Google's Just Not That Into You: Understanding Core Updates & Search Intent
 
How to have difficult conversations
How to have difficult conversations How to have difficult conversations
How to have difficult conversations
 
Introduction to Data Science
Introduction to Data ScienceIntroduction to Data Science
Introduction to Data Science
 
Time Management & Productivity - Best Practices
Time Management & Productivity -  Best PracticesTime Management & Productivity -  Best Practices
Time Management & Productivity - Best Practices
 
The six step guide to practical project management
The six step guide to practical project managementThe six step guide to practical project management
The six step guide to practical project management
 
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
 
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
Unlocking the Power of ChatGPT and AI in Testing - A Real-World Look, present...
 
12 Ways to Increase Your Influence at Work
12 Ways to Increase Your Influence at Work12 Ways to Increase Your Influence at Work
12 Ways to Increase Your Influence at Work
 

Пособие по обжалованию незаконных действий сотрудников милиции

  • 1. «Эркиндик үнү» Коомдук Фонду Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин/аракетсиздиктерин даттануу боюнча жарандар үчүн колдонмо БИШКЕК - 2015
  • 2. Бул колдонмо милиция кызматкерлеринин укук ченемсиз аракеттерине даттанууларды карап чыгууда тиешелүү органдардын ыйгарым укуктарын туура түшүнүүгө кызыкдар болгон жарандар, өкмөттүк эмес уюмдар, укук коргоочулар жана башка адамдар үчүн арналат. Ушул отчетто айтылган пикирлер автордун жеке пикири болуп саналат жана БУУнун Баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен Тынчтык куруу фондунун расмий позициясын чагылдыруучу катары кабыл алынбашы керек.
  • 3. Мазмуну Киришүү.....................................................Ошибка! Закладка не определена. 1. Милиция кызматкерлеринин аракеттерине даттануу укугу .. .................. 4 2. Ички ведомстволук процедуралар боюнча милиция кызматкерлеринин аракеттерине/аракетсиздиктерине даттануу ..................................................... 6 3. Милиция кызматкерлеринин аракеттерине/аракетсиздиктерине карата прокуратура органдарына даттануу................................................................ 10 4. Кызмат адамдарынын аракеттерине/аракетсиздиктерине сот тартибинде даттануу............................................................................................................... 15 5. Акыйкатчынын жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун милдеттери....................................................................................... 21 6. Кылмыш жана администрациялык тартипте кармоонун жалпы аспектилери........................................................................................................ 23 7. Жеткирүүдө, кармоодо, кароодо, тинтүүдө, алууда кандай аракет кылуу керек. ................................................................................................................... 25 ТИРКЕМЕЛЕР .............................................................................31 Пайдалуу байланыштар ................................................................31 Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен ИИО кызматкери жасай турган кылмыштардын түрлөрүнүн таблицасы ..Ошибка! Закладка не определена. Арыздардын, даттануулардын үлгүлөрүОшибка! Закладка не определена.
  • 4. Киришүү Ички иштер органдарынын башкы милдеттерини бири – коомдук тартипти, инсан менен коомдун коопсуздугун камсыз кылуу. Мына ошон үчүн аларга бийлик берилген: милиция кызматкерлери укук бузуучуларды кармап, жеке текшерүү жүргүзүүгө, мыйзамда каралган негиздин болушу менен – жашаган жерине жана бөлөк жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө, мыйзамда белгиленген тартипке ылайык адамдын кылмыш изине түшүүгө, кармоого жана камакка алууга укугу бар. Эгер өлкөдө укук үстөмдүгү болсо, укук коргоо системасынын соттук көзөмөлү иштейт, анда мындай өлкөдө укук тартиби органдары адамдарга кызмат кылат, коомдук тартипти коргойт, ал эми бул өлкөнүн мыйзамга баш ийген жарандары жана меймандары өздөрүнүн укуктары менен эркиндиктерине негизсиз зыян келтиришинен чочулабай эле коюшса болот. Биздин өлкөбүздө укук үстөмдүгү жаңыдан телчигип, сот реформасы улантылып жатат, демек, укук коргоо органдарынын үстүнөн тийиштүү көзөмөл кылуу али жок. Ошондуктан милиция кызматкерлери көп учурларда өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышат же аша чабышат. Кээде бул өзүнүн кызматынын кызыкчылыктарын туура эмес түшүнүүнүн айынан болсо, кээде – коррупциялык жеке кызыкчылыктын айынан болот. Милициянын ар кандай укукка каршы аракеттерине татыктуу каршылык көрсөтүү үчүн, негизсиз кармап, туракка же бөлөк жайга басмырлап кирген учурда кайда кайрылууга болорун жана кандай аракеттерди көрүүгө болорун жарандар билүүсү зарыл, жана албетте, милиция кызматкерлеринин аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу көндүмдөрүнө ээ болуулары керек. 1. Милиция кызматкерлеринин аракеттерине даттануу укугу Ар бир жаран милиция кызматкерлеринин укук ченемсиз аракеттерине даттанууга укугу бар. Бул укук Конституцияда, Жазык-Процессуалдык кодексинде, «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамда бекитилген жана Кыргыз Республикасынын бөлөк ченемдик- укуктук актыларында белгиленген. Милиция кызматкерлеринин укук ченемсиз аракеттерине укук бузуунун мүнөзүнө, ким тарабынан жасалганына жараша ар кандай жолдор менен даттанууга болот: тикелей начальнигине, жогору турган жетекчиликке, Өздүк коопсуздук башкармалыгына, прокуратурага, УКМКга же сотторго. Теориялык жактан алганда, жаран милиционерлерге карата жогорку мамлекеттик институттарга, мисалы, президентке же депутаттарга даттана алат, бирок тажрыйба көрсөткөндөй,
  • 5. минтип жаран убакытын гана коротуп алат, анткени анын кайрылуусун компетенттүү органдарга кайра жөнөтүшөт. Даттануу натыйжалуу болуш үчүн тигил же бул орган кандай аракеттерди көрөрүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жоопкерчиликтин кандай чаралары каралганын билүү зарыл. Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттануунун жолдору: 1. ӨКБга даттануу менен кайрылуу. Өздүк коопсуздук башкармалыгы – бул өзүнчө бир «милициядагы милиция», ИИОнун атайын кызматын түшүндүрөт, анын ишмердүүлүгү ички иштер органдарын мыйзам бузуучулардан жана бөлөк жаман «элементтерден» «тазалоого» багытталган. ӨКБ өзүнүн компетенциясынын алкагында текшерүү жүргүзүп, милиция кызматкерлерин дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу же кылмыш ишин козгоо үчүн ишти прокуратура органдарына берүү жөнүндө бүтүм чыгарат. 2. Жогорку турган жетекчиликке даттануу менен кайрылуу. Жетекчилик өзүнүн компетенциясынын алкагында кайрылууларды кароонун тартибинин сакталышына көзөмөлдүк кылат, келип түшкөн кайрылуулардын мазмунун талдайт, жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулуу себептерин өз убагында ачып көрсөтүү жана четтетүү боюнча чараларды көрөт. 3. Кылмыш тууралуу прокуратурага арыз жазуу Прокуратура – көзөмөлдөө органы, ал өзүнүн компетенциясынын1 алкагында мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кылмыш иштерине куугунтук жүргүзүү жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу укугуна ээ. 4. Аракетти /аракетсиздикти сотко даттануу Жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон же алардын сот адилеттүүлүгүнө жетишин кыйындаткан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу, кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомдорду жана бөлөк чечимдер менен аракеттерди (аракетсиздикти) сотко берүүгө болот. Сот тигил же бул аракетти (аракетсиздикти) мыйзамсыз же негизсиз деп табууга жана кетирилген катаны жоюуга милдеттендирүүгө укуктуу. 1 Прокуратура органдарына башка функциялар да берилген, бирок бул колдонмодо кылмыш ишин куугунтуктоо бөлүгү гана каралган. .
  • 6. Милиция кызматкери укук бузуулардын, күнөөнүн кесепетинин оордугуна жана бир катар башка факторлорго жараша дисциплинардык жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Жарандар тигил же укук бузуу үчүн кандай жоопкерчилик чарасы каралганын билбеши мүмкүн, бирок даттануунун жолдорун билүү өзүнүн бузулган укугун натыйжалуу коргоого алып келет. Даттанууну берип жатканда эмоцияга алдырбастан жагдайды объективдүү баалап, укук бузуу орун алдыбы, жана ал кандай кесепеттерге алып келди, түшүнүү зарыл. Тиркемеде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган, жаза берилүүчү иштердин тизмеси келтирилген. Эгер милиция кызматкеринин аракети (аракетсиздиги) алардын түшүндүрмөсүнө туура келбесе, анда, дисциплинардык тартип бузууга жол берилген. Мындай учурда аракеттерди ички ведомстволук процедуралар боюнча даттануу туура болот. 2. Ички ведомстволук процедуралар боюнча милиция кызматкерлеринин аракеттерине/аракетсиздигине даттануу ИИОнун коомдук кабылдамаларына жазуу түрүндө даттануу менен кайрылыңыз. Эгер милиция кызматкери дисциплинаны бузса (жумуш ордунда жок болуу, арызды кабыл алуудан баш тартуу, орой мамиле кылуу ж.б.), аракети даттанууга тийиш болгон адамдын тикелей начальнигине кайрылуу керек. Адатта, кызмат адамдарынын аракетине/аракетсиздигине карата бардык даттануулар жетекчинин атына жазылууга тийиш. Даттанууну жазуу түрүндө берүү жакшы болот жана сөзсүз түрдө иш кагаздар бөлүмүндө же нөөмөт бөлүмүндө каттатып коюу керек. Арызды эмоцияга алдырбастан, көркөмдөбөстөн жана абстракттуу ойлордон алыс болуу менен жазуу дурус. Логикалык жактан байланыштырылган жана ырасталган жүйөлөр менен негизги фактылар гана баяндалып, арыздын тексти барактын үчтөн эки бөлүгүн ээлөөгө тийиш. Тексттин аягы сиздин так жазылган талабыңызды же өтүнүчүңүздү камтууга тийиш, мисалга алсак: укукту калыбына келтирүү, күнөөсү бар милиция кызматкерлерин жазалоо, органдын ишиндеги же бүтүндөй бардык тажрыйбаны өзгөртүүнү. Көрүлгөн чаралар жөнүндө Сизге билдирип коюуларын өтүнүңүз. Даттанууну эки нускада бериңиз. Жазуу түрүндө арызыңызды берип жаткан Коомдук кабылдаманын, нөөмөт бөлүмүнүн же иш кагаздар бөлүмүнүн кызматкери сиздин колуңузда кала турган нускага кол коюп, алынган датаны, кирген каттоо номурун көрсөтүп, фамилиясын жазып коѐру эсиңизден чыкпасын. Эгер андай кылуудан баш тартса, анда, кайрылууну
  • 7. буюртма кат менен сиздин катты алгандыгы тууралуу билдирүүсү менен почта аркылуу жөнөтүп жибериңиз. Айрым ведомстволордо кире бериште каттар үчүн кутулар коюлган. Өзүңүздүн кайрылууну кутуга эч убакта салбаңыз, анткени сиздин кайрылууну алгандыктары тууралуу сизде тастыктамаңыз жок болот. Кайрылууну каттоодон өткөргөндөн бир нече күндөн кийин коомдук кабылдамага (нөөмөт бөлүмүнө, иш кагаздар бөлүмүнө) чалып, сиздин кайрылууңуз кимге тапшырылгандыгын (документтин аткаруучусу ким болорун) билиңиз. Аткаруучу менен байланышып, аны менен жолугушууга даяр болуңуз. Сиздин кайрылууңузга эки жумадан кечиктирилбестен жазуу түрүндө жооп берүүлөрү тийиш. Өзүнүн кол алдындагыларын калкалоо үчүн жетекчилик кызыкдар болору дагы шексиз. Эгерде кайрылууну этибарга алышпаса же негизсиз деп эсептешсе, бирок сизди колдонулган аргументтер ынандыра албаса, жогору турган начальникке кайрылууга же даттануунун башка жолдорун пайдаланууга болот. Жетекчинин кабыл алуусуна жазылыңыз. Даттанууну берүүдөн тышкары жумасына бир жолудан кем эмес жарандарды жеке кабыл алууну жүргүзгөн түздөн-түз жетекчиге кайрылууга болот. Кабыл алуу күндөрүнүн жүгүртмөсү көрүнүктүү жерде илинип турууга тийиш, адатта бул имаратка кире берген жерден алыс эмес жайгаштырылат. Сиз бул же тигил начальниктин кабыл алышын талап кылыңыз. Адатта, жогорку орундагы милиция кызматкерлеринин кабыл алуусуна дароо эле кирүү кыйынга турат, анткени жазылуу күн мурун жүргүзүлөт. Республиканын алыскы региондорунан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ экендиктерин белгилей кетүү зарыл. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт, бирок көп учурда кездешип калат. Сиз "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" КР Мыйзамына таянсаңыз болот, анда бул укук көрсөтүлгөн. Эгер сизге кирүүгө жол беришпесе – бул сиздин укугуңузду бузуу болуп саналат, ошондуктан сиз кирүүгө бөгөт койгон адамга карата даттануу менен кайрылууга укугуңуз бар. Жаран мыйзамдарды билүүдө өзүнүн маалымдуулугу бар экенин көрсөтсө жана талап кыла билсе, анын кабыл алууга кирүүгө мүмкүндүгү чоң болот. Жетекчи кабыл алып жатканда өзүңүздүн жүйөлөрүңүздү же суроолоруңузду күн мурун даярдап алыңыз. Өзүңүздүн сөзүңүздү эмоцияга алдырбастан, майда-чүйдө нерселерге көңүл бурбастан, «лирикага» ыктабастан сүйлөңүз. Далилдерди жана жазып алгандарыңызды даярдап
  • 8. алып, болгон ишти кыска, так, жыйнактуу баяндап бериңиз. Сыпайы жана сылык болуңуз. Көп учурларда жарандар кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери, участковыйлар, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор (ЖЖЭИИ), оперативниктер ж.б. менен кезигишүүгө туура келет. Кайгуул- күзөт кызматынын жетекчилери ички иштер Башкы башкармалыгында (облустук, Бишкек ш.) болушат. МУИ же ЖЖЭИИнин жетекчилиги райондук Башкармалыкта (РИИБ, ШИИБ) жайгашат. Опер ыйгарым укуктуу кызматкерлердин жана тергөөчүлөрдүн тикелей жетекчилиги ИИОнун ар түрдүү деңгээлдеринде жайгашат. Ошондуктан, кабыл алууга жазылуудан мурда, болжолдонуп жаткан бузуучу кимге баш ийерин коомдук кабылдамадан билип алуу керек. Арыз менен өздүк коопсуздук башкармалыгына кайрылыңыз Кайсы кызматтагы болбосун жана дээрлик бардык деңгээлдеги милиционердин аракетин (аракетсиздигин), чечимин өздүк коопсуздук башкармалыгына даттанууга болот. Анын төмөнкү бөлүмчөлөрү (ИТБ, ИТТ2 ) облустук (Бишкек ш.) башкы башкармалыкта жайгашат, бирок анын жетекчилиги түздөн-түз Ички иштер министрине баш ийет. Эгер жалпы бөлүмдүн кызматкери кайрылууну алдын ала каттоодон өткөрүүнү талап кылса, купуялуулукка жана маалыматтын таралып кетишинен чоочулап жаткандыгыңызды билдириңиз. Сиз облустардын же Бишкек ш. ИББнын коомдук кабылдамалары аркылуу арыз жазсаңыз болот же почта аркылууну жөнөтүп жиберсеңиз болот, мындай учурда, почта менен жөнөтүлгөндүн тапшырылгандыгы тууралуу билдирүү сиздин кайрылууну алуунун тастыктамасы болуп саналат. Жазуу түрүндөгү арыз боюнча ӨКБ кызматтык териштирүү жүргүзүүгө милдеттүү жана тастыкталган фактылар боюнча дисциплинардык таасирдеги, ал тургай КР ИИОдон бошотууга чейинки чараларды көрүү жөнүндө сунуш киргизет. Көрүлгөн чаралар тууралуу сизге 2 жуманын ичинде билдирүүгө тийиш. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда арыз берүүчү бул чечимди КР ИИМ жетекчилигине, прокуратура органдарына жана/же сотко даттана алат же кайрылууга болот. 2 ИТБ – Ички териштирүүлөр бөлүмү ИТТ – Ички териштирүүлөр тобу
  • 9. Дисциплинардык өндүрүштүн натыйжалары тууралуу билиңиз. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу боюнча өндүрүш төмөнкүдөй негизги стадияларды камтыйт: - дисциплинардык өндүрүштү козгоо; - дисциплинардык ишти кароо; - чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимди аткаруу. Дисциплинардык өндүрүштүн козголушу дисциплинардык бийлик берилген кызмат адамдары ачып көрсөтүлгөн же болжолдонуп жаткан жасалган иштин фактысы боюнча күнөөлүнүн жоопкерчилиги же мындай фактынын орун алгандыгы жана аны жазалоо жөнүндө маселени козгоодо турат. Дисциплинардык ишти кароонун жүрүшүндө дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып жаткан кызматкерден жазуу түрүндө түшүнүк алышат. Жазуу түрүндөгү түшүнүк алынгандан кийин иштин башка жагдайлары изилденип, күбөлөр суралат, далилдер каралат ж.б., бул стадиянын маңызы аракети даттанылып жаткан милиция кызматкеринин аракетине/аракетсиздигине объективдүү баа берүүдө турат. Дисциплинардык жазанын түрүн аныктоодо жасалган иштин мүнөзү, жүйөлөрү, максаты жана кесепеттери, ал жасалган шарттар эске алынат. Дисциплинардык кылмышты жасаган кызматкердин жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же кыйындатуучу жагдайлар, жасалган ишке болгон анын жеке мамилеси, негизинен кызматка кылган мамилеси, мурунку мамилеси, аракеттеги дисциплинардык жазанын болушу же жоктугу аныкталат. Жаза жеке күнөөнүн жоопкерчилиги жана ылайыктуулугу принциптерине жооп берүүгө негиздүү жана адилеттүү болууга тийиш. Териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча кызматтык териштирүүнүн (текшерүүнүн) бүтүмү чыгарылат, ал дайындалган адам тарабынан бекитилет. Дисциплинардык ишти кароонун жыйынтыктары боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат: а) окуянын же дисциплинардык кылмыштын курамынын болбогондугуна, ошол эле жорук үчүн болгон дисциплинардык таасир кылуу фактысы аныкталгандыгына, же өндүрүштү четке каккан башка
  • 10. жагдайлардын болгондугуна байланыштуу жеке жак дисциплинардык жоопкерчиликке тартылбастан, ынандыруу чаралары менен чектелет; б) өз алдынча же жогору турган начальниктин алдында расмий өтүнүү жолу менен жеке жак дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат. Акыркы стадия болгон чечимдин аткарылышына – биринчиден, дисциплинардык ишти жасаган адамга дисциплинардык жазанын тандалып алынган чарасын билдирүү кирет. Экинчиден, дисциплинардык жазанын тандалган чарасынын аткарылышы камсыз кылынат жана коюлган жазанын эсеби алынат. Кызматкерге дисциплинардык жаза берүү жөнүндө буйрук ага буйрук чыккан күндөн тартып же кызматкердин кызмат орду боюнча аймактык ички иштер органына (бөлүмчөгө) бул буйруктун көчүрмөсү келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күнүнүн аралыгында билдирилет жана кол койдурулуп алынат. Бул тууралуу милиция кызматкеринин аракетине (аракетсиздигине) жазган даттанууну берүүчүгө билдирүү керек, эгер ал өзүнүн арызында билдирип коюуну өтүнгөн болсо. Дисциплинардык жазаны берүү жөнүндө буйруктун идентификациялык номуру болууга тийиш жана кызматкердин өздүк делосуна киргизилет. Дисциплинардык жаза көптөгөн ар кандай кесепеттерге алып келет. Бузуучу болуп табылган кызматкер бир жыл аралыгында наамы же кызматы боюнча көтөрүлбөйт, сый акылардан жана бөлөк кызыктырып дем берүүчү сыйлыктардан айрылат, андан да дисциплинардык жоопкерчиликке экинчи жолу тартылса, санкцияларды колдонуу үчүн негиз болуп калат. Дисциплинардык жаза оордугу боюнча ар кандай категорияларга бөлүнөт жана 3 айдан 1 жылга чейин созулат. Б.а. мисалы, эгер кызматкер «сөгүш» алса, ал жыл ичинде сыйлык албайт жана кызматы боюнча көтөрүлбөйт, ал эми ушул убакыт аралыгында дагы бир сөгүш алып калса, анда ал ички иштер органдарынан чыгарылышы мүмкүн. Эгер дисциплинардык өндүрүштүн жүрүшүндө милиция кызматкеринин аракетинде/аракетсиздигинде кылмыш ишинин курамынын белгилери бар экендиги аныкталса, аны аныктаган адам кызматтык териштирүүнүн материалдарын прокуратура органдарына же УКМКга жөнөтөт. 3. Милиция кызматкерлеринин аракеттерине/аракетсиздигине карата прокуратура органдарына даттануу Милиция кызматкерлери тарабынан укуктар орой бузулган учурда, жарандар прокуратура органдарына кайрылууга укуктуу, алар текшерүү
  • 11. жүргүзүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарууга милдетүү. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу – бул тергөөнүн жана соттун артыкчылыктуу укугу, бирок жарандар бул процедураны жеңилдетүүгө аракет кылышат. Далилдерди чогултуңуз. Мүмкүн болушунча көп далилдерди чогултуу керек. Бул медициналык маалымкат, дененин жабыркаган жерлеринин сүрөтү, аудио-видео жазуулар, кийимдеги тактар, көргөн адамдардын колу коюлган актылар. Көргөн адамдардын байланыш телефондорун алып коюңуз. Далилдерди чогултууда аларды кантип колдонууну эске алуу зарыл жана аларды маанилүү кылууга аракеттенүү керек. Мисалга алсак, дененин жабыркаган жерин сүрөткө тартып жатсаңыз, сызгычты же башка өлчөөчү куралды коюп тартыңыз, муну менен гематоманын, айрылган жердин өлчөмүн аныктоого жана баалоого болот. Фотоаппаратты тартып алынган дата көрүнүп тургандай кылып коюу керек же объективге тиешелүү датадагы газета киргендей аракет кылуу зарыл. Ырааттуулукту да сактоо керек, башкача айтканда адегенде жабыр тарткан адамдын бетин жана денесинин жабыркаган жерлерин сүрөткө тартып алып, андан кийин майда-чүйдөсүнө чейин сүрөткө тартсаңыз болот. Эгер сиз жерди сүрөткө тартып жаткан болсоңуз ориентирди кошо алыңыз, эгер бул машина болсо, анда ал объективге мамлекеттик номуру менен тартылгандай болсун ж.б. Эгер аудио жазуу жүргүзүлүп жатса, анда күйгүзгөндөн кийин датаны, убагын, милиция кызматкерлеринин аттарын айтууга аракет кылыңыз. Акт түзүлүп жатканда болуп өткөн окуянын субъективдүү баалоосун сүрөттөбөстөн, фактыларды, сөзсүз түрдө датасын, түзүү убагын, катышкан адамдардын ФАА жазыңыз. Арыз менен прокуратурага кайрылыңыз. Арыз кылмышка шектүү делген кызматкерлер иштеген райондун, же окуя болгон жер боюнча райондун прокуратурасына берилет. Арызда маанилүү учурлар көрсөтүлүшү зарыл: жагдайдын сүрөттөлүшү, убагы, орду, числосу, катышкан адамдардын аттары жана сырткы көрүнүштөрү, ошондой эле алардын колдонгон ыкмалары. Далилдер болсо, аларды кошо тиркөө керек. Арыздын аягында талапты так жазуу керек, б.а. кылмыш ишин козгоо, күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу, көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүү. Арызды эки нускада жазуу керек, алардын биринде иш кагаздар бөлүмүнө берип жатканда анын кабыл алынгандыгы тууралуу кабыл алып жаткан кызматкердин ФАА, датасы көрсөтүлүү менен колу коюлат.
  • 12. Арыздын бул нускасын өзүңүздө калтыруу керек, кийинчерээк ал арыз берилгендигинин далили болуп кызмат кылышы мүмкүн. Тергөө органдары менен кызматташууга даяр болңуз. Кылмыш иши козголгонго чейин прокуратура органдары сиз жазган окуяга текшерүү жүргүзүүгө тийиш. Эгер сизге карата дене күчү колдонлган болсо, анда тергөөчү соттук-медициналык экспертизаны дайындайт, аны кийинкиге калтырбастан өтүү зарыл, анткени дененин жабыркаган жерлери айыгышы мүмкүн. Үч күндүн ичинде прокуратуранын тергөөчүсү кылмыш ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарууга тийиш жана кабыл алынган чечим тууралуу сизге билдириши керек. Кылмыш ишин козгоодон баш тартууда, сизге бул токтомдун көчүрмөсүн жөнөтүүгө милдеттүү3 , бирок, көп учурларда почта аркылуу билдирүү гана жөнөтүп коюшат, же жөн гана этибарга алышпайт. Эгер сизге токтомдун көчүрмөсүн беришпесе, прокуратуранын кызматкерлерине карата чара көрүү жөнүндө Башкы прокуратурага даттануу жазыңыз. Сиздин андан аркы аракеттериңиз прокуратура органынын кандай чечим кабыл алганынан көз каранды болот. Шарттуу түрдө, арыз берүүчүгө карата кабыл алынган чечимдерди «оң» жана «терс» деп бөлүүгө болот. Эгер сиз терс жооп алсаңыз (кылмыш ишин козгоодон баш тартуу, ишти токтотуу, тергөөнү токтото туруу), анда прокуратура органдарынын аракетин/аракетсиздигин токтомду колго алган учурдан тартып жети сутканын ичинде жогорку турган прокуратурага же сотко даттанууга болот. Даттануунун тартиби төмөндөгү бөлүмдөрдө көрсөтүлгөн. Эгер оң жооп алган болсоңуз, төмөнкү рекомендацияларды караңыз. Тергөө стадиясында ишке катышыңыз. Кылмыш иши козголгон учурда прокуратура тергөө иштерин жүргүзөт. Кылмыштын оордугуна жараша тергөөнүн жалпы мөөнөтү 1-2 ай болот. Бирок бул мөөнөт Бишкек ш. прокурору же облустук прокурор тарабынан 6 айга чейин, Башкы прокурордун орун басары тарабынан 9 айга чейин узартылышы мүмкүн. 9 айдан ашык болсо тергөө Башкы прокурор тарабынан гана узартылат. Адатта, тергөөнүн мөөнөтүнүн узартылышы негизди талап кылат жана прокурордун тигил же бул себептер бонча белгиленген мөөнөттө өзүнө коюлган милдеттенмелерин аткара албагандыгы тууралуу айтылат, ошондуктан практика жүзүндө кылмыш ишин создуктуруунун башка механизмдери көп кездешет. Кылмыш ишинин 3 156-1-берене 31.12.14-ж. № 18 КР Мыйзамында баяндалган
  • 13. создуктурулушуна багытталган бардык аракеттерди сунуш кылынган процедураларга ылайык даттануу керек. Токтом менен сиз жабырлануучу деп табыласыз, б.а. кылмыш ишинде процесстик макамды аласыз, жана сиз өз укуктарыңызды жүзөгө ашыруу менен тергөө стадиясына катыша аласыз. Жабырлануучу КР КЖПКнын 50-б. каралган укуктарга жана милдеттерге ээ. Жабырлануучунун төмөнкүдөй укуктары бар: 1) айыпкерге коюлган күнөөнүн маңызын билүү; 2) көрсөтмө берүү; 3) далил келтирүү; 4) өтүнүч жана баш тартуу билдирүү; 5) өз эне тилинде же өзү билген тилде көрсөтмө берүү; 6) тилмечтин кызматынан пайдалануу; 7) өзүнүн өкүлүнө ээ болуу; 8) өзүнүн өтүнүчү боюнча же өз өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышуу; 9) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышуу жана аларга карата пикирин билдирүү; 10) тергөө бүткөндөн кийин иштин бардык материалдары менен таанышуу жана андан зарыл маалыматтарды көчүрүп алуу; 11) кылмыш ишин козгоо, жабырлануучу деп табуу же андан баш тартуу, кылмыш куугунтугун токтотуу жөнүндө токтомдордун көчүрмөлөрүн, айыпкер катары ишине тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн, ошондой эле соттун чечимдеринин көчүрмөсүн алуу; 12) сотко катышуу; 13) соттогу талаш-тартыштарда чыгып сүйлөө, айыптоону колдоо; 14) сот отурумунун протоколу менен таанышуу жана ага карата пикирлерин билдирүү; 15) алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттануу; 16) соттун чечимдерине даттануу; 17) иш боюнча берилген даттануулар, сунуштар жөнүндө билүү жана аларга каршылык билдирүү;18) даттануулар менен өтүнүчтөрдү сотто кароого катышуу;19) жазык-прцоессуалдык кодексинде жол берилген учурларда айыпкер менен жарашуу; 20) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун мамлекеттин эсебинен толтуруп алуу; 21) заттык далил катары же башка негиздер боюнча жазык процессин жүргүзүп жаткан орган кылмыш жасаган адамдан алып койгон мүлкүн, өзүнө таандык болгон расмий документтердин түп нускасын кайта алуу; 22) соттолгон адамдан кылмыштын айынан келтирилген моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылуу Жабырлануучу төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун чакыруусу боюнча келүүгө; 2) көрсөтмө берүүгө, иш боюнча өзүнө белгилүү болгон бардык маалыматтарды туура айтып берүүгө; 3) өзүндөгү буюмдарды, документтерди, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү
  • 14. берүүгө; 4) тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талабы боюнча күбөлөндүрүүдөн өтүүгө; 5) иш боюнча өзүнө белгилүү жагдайлар туурасында маалыматтарды ачыкка чыгарбоого; 6) тергөөчүнүн, прокурордун, соттун буйругуна баш ийүүгө;7) сот отурумунда тартипти сактоого. Жабырлануучунун жоопкерчилиги: жабырлануучу чакыруу боюнча негизсиз себептер менен келбей калганда, ал мажбурлап алынып келүүгө дуушар болот же эки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (200сом) акчалай айыпка жазаланат. Акчалай айып тууралуу чечим сот тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн, ошондуктан сот тийиштүү чечим чыгарганга чейин кимдир бирөөнүн колуна төлөөгө болбойт. Көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жабырлануучу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330- 331-беренелери боюнча жоопкерчилик тартат Юриспруденция жаатында атайын билимдерге ээ болбой туруп, сиз тергөөнүн кылдаттыгын колдон чыгарып жибересиз, ал кийинчерээк иштин натыйжасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, ошондуктан биз ишке жактоочуну тартууну жана/же укук коргоо уюмдарына кайрылууну сунуш кылабыз. Тергөөнүн аягында прокуратура төмөнкү токтомдордун бирин чыгарышы мүмкүн: - айыпкер катары тартуу жана кылмыш ишин сотко өткөрүп берүү жөнүндө; - ишти токтотуу жөнүндө; - тергөөнү токтотуп туруу жөнүндө. Сотко катышыңыз. Эгер текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча прокуратура кылмыш ишин козгосо, тергөө жүргүзсө, айыпты койсо, жана ишти сотко жөнөткөн болсо, жабырлануучу укугунда сотто айыптоого колдоо көрсөтүңүз. Эгер милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери менен материалдык жана/же моралдык зыян келтирилсе, анда сиз келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуусуз. Жазык процессинде келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу тууралуу талап доо арызы түрүндө берилет жана мамлекеттик алым алынбайт. Доо арызы кылмыш иши козголгон учурдан соттук териштрүүлөр башталганга чейин берилүүгө тийиш. Доо арызы кылмыш иши менен чогуу каралат да, ал боюнча чечим кабыл алынат.
  • 15. Кылмыш ишинин соттук териштирүүлөрү көпкө созулушу мүмкүн, ошондуктан чыдамдуу болуңуз жана юристтердин байланыш телефондорун алып коюңуз. 4. Кызмат адамдарынын аракеттерине/аракетсиздиктерине сот тартибинде даттануу. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан мамлекеттик органдардын чечимдерине жана кызмат адамдарынын аракеттерине/аракетсиздиктерине даттануу үчүн кеңири база түзүлгөн. Эгер мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын укук ченемсиз аракеттери (чечимдери) менен өздөрүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулду деп эсептесе, ар бир адам даттануу менен сотко кайрылуу укугуна ээ. Эгер жаран адегенде жогорку турган мамлекеттик органга даттануу менен кайрылып, анын даттануусу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбосо, анда анын бул чечимге сот тартибинде даттанууга укугу бар. Мамлекеттик органга даттануу менен кайрылабы же көйгөйдү чечүү үчүн дароо эле сотко кайрылабы, жаран өзү чечерин белгилей кетүү керек. Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин/аракетсиздиктерин сотко даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодекси тарабынан каралган (мындан ары – КР ЖПК), ал эми тергөөчүнүн, прокурордун аракеттери жана чечимдери, ошондой эле милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодекси (мындан ары текст боюнча –КР КЖПК) менен жөнгө салынат Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине/аракетсиздиктерине административдик иштер боюнча жарандык сот өндүрүшү тартибинде даттануу. КР Жарандык процессуалдык кодексинин «Администрациялык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү» делген 26-главасында милиция кызматкерлеринин аракеттерине сыяктуу эле мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын аракеттерине/аракетсиздиктерине даттануунун тартиби көрсөтүлгөн. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө»
  • 16. Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары – коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу, мамлекеттик куралдуу укук коргоо органы.4 «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» КР Мыйзамы мамлекеттик кызматты уюштуруунун негиздерин аныктайт, мамлекеттик кызмат адамынын макамын, мамлекеттик кызматты өтөөнүн шарттарын, мамлекеттик кызматкерлерге кызыктырып дем берүү системасын жана жоопкерчиликтерин жөнгө салат. Мыйзамдын аракети укук коргоо органдарынын кызматкерлери макамына ээ болгон адамдарга карата жайылтылат. Мындан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине/аракетсиздигине даттануу администрациялык сот өндүрүшүнүн предмети болуп саналары келип чыгат. КР ЖПКнын 262-беренесине ылайык даттанылуучу аракеттерге/аракетсиздикке төмөнкүлөр кирет: - жарандардын, юридикалык жактардын укуктары жана эркиндиктери бузулса; - жарандын же юридикалык жактын өз укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруусуна тоскоолдук жаратылса; - эгер жаранга, юридикалык жакка милдеттер мыйзамсыз тагылса же алар администрациялык жоопкерчиликке мыйзамсыз тартылса. Мисалга алсак: жаран мамлекеттик органга кайрылуу берүүгө өз укугун жүзөгө ашыруу менен, ИИБнын тиешелүү бөлүмүнө арыз берүүгө ниеттенип жатат, бирок анын арызын кабыл алуудан же арыздардын эсебин алуу журналына каттоодон баш тартып жатышат. Демек, милиция кызматкери тарабынан даттанууга укугу бузулду жана аны жүзөгө ашырууга тоскоолдук жаралды. Ушул чыр-чатактуу жагдайда жаран милиция кызматкеринин мыйзамсыз аракеттерине сот тартибинде даттанууга укуктуу. Администрациялык иштер укук коргоо органдарынын, же милиция кызматкеринин турган жериндеги аймак боюнча райондор аралык сот тарабынан каралат. Мисалы, эгер ИИО Бишкек шаарынын аймагында турса, анда администрациялык иш Бишкек ш. Райондор аралык соту тарабынан каралууга тийиш. 4 «Ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси ;
  • 17. Сотко арыз менен так белгиленген мөөнөттө – алардын жасалганы сизге белгилүү болгон күндөн тартып үч айдын ичинде берилүүгө болорун билүү керек. 5 Көңүл буруңуз, даттануу үчүн мөөнөт бузууга жол берилген учурдан эмес, укуктун бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон учурдан башталып эсептелет. Үч айлык мөөнөт өткөрүлүп жиберген учурда сотко кайрылууга укугуңуз бар, бирок арызга өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч тиркелүүгө тийиш, анда кандай негиздүү себептер менен мөөнөт өткөрүлүп кеткенин көрсөтүү зарыл. Сот арызды кабыл алууга милдеттүү, арызды кароо тууралуу маселе өзүнчө сот отурумунда чечилет. Сот тарабынан өткөрүлүп жиберилген мөөнөттүн себептери негиздүү (мисалы, ооруп калуу, иш сапарында болуу ж.б.) деп табылган учурда арыз оң каралат. Эгер сот өткөрүлүп жиберилген мөөнөттүн себебин негизсиз деп тапса, анда бул өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиз блуп саналат. Өздөрүнүн укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган деп эсептешкен жарандар, юридикалык жактар администрациялык иштер боюнча арыздануучулар болушу мүмкүн. Арыз КР ЖПКнын 132, 264-беренелеринин талаптарына ылайык жазылууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) арыз бериле турган соттун аталышы; 2) доогердин аталышы, анын жашаган жери жана, эгерде доогер юридикалык жак болуп саналса, анын турган жери, ошондой эле, эгерде арызды анын өкүлү берсе, өкүлдүн аталышы жана анын дареги; 3) жоопкердин аталышы, анын жашаган жери же, иштеген жери; 4) органдын же кызмат адамынын аракеттерин же аракетсиздигин сыпаттоо жана алардын аталышы; 5) доогер өзүнүн талаптарын негиз кылып жаткан жагдайлар, жана бул жагдайларды тастыктаган далилдер, аракет же аракетсиздик менен кайсы конкреттүү укуктар, эркиндиктер же мыйзамдуу укуктар бузулгандыгы жөнүндө көрсөтүү; 6) даттанылып жаткан аракет же аракетсиздик менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кайсы беренелери же бөлөк мыйзамдары бузулгандыгы тууралуу көрсөтүү; 6) арыз ээсинин даттанылып жаткан аракетке же аракетсиздикке карата талаптары; 5 Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексинин 263-беренесинин 3-бөлүгү.
  • 18. 7) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеси. Арызда талаштын чечилиши үчүн маанилүү болгон бөлөк маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн, ошндой эле доогердин өтүнүчү баяндалат. Арыз сот өндүрүшүнө кабыл алынган учурда, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө судьянын жеке өзү тарабынан аныктама чыгарылат, анда сот отурумунда ишти териштирүүнүн дайындалгандыгы, аны өткөрүүнүн убагы жана орду тууралуу көрсөтүлөт. Арыздын өндүрүшкө кабыл алынгандыгы жөнүндө аныктаманы сот ал чыгарылгандан кийинки күндөн кечиктирилбестен ишке катыша турган адамдарга жөнөтөт. Андан ары, арыз иш өндүрүшкө кабыл алынган учурдан бир айдан ашпаган мөөнөттө сот тарабынан каралат, эгер арыз берүүчү же милиция кызматкери сот отурумуна келишпесе, анда арыз алардын катышуусуз эле карала берет, бирок аларды сот отурумунун убагы жана орду тууралуу тийиштүү түрдө кабардар кылган шарттарда. Соттун колунда соттун билдирүүсүн алгандыгы тууралуу, же алгандан баш тарткандыгы жөнүндө так маалымат болсо, тийиштүү түрдө билдирүү деп таанылат, ошндой эле процесстик милдеттер бузулганда (мисалы, эгер арыз берүүчү өзүнүн жашаган жеринин дарегинин алмашылгандыгы жөнүндө сотко эскертпесе). Администрациялык иштер боюнча жоопкерге карата «жазык жоромолу» принциби эске алынарын өзгөчө белгилей кетүү керек, жана даттанылып жаткан аракеттин/аракетсиздиктин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети укук коргоо органына, же ага жол берген кызмат адамына жүктөлөт. Ишти карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча сот төмөнкүдөй чечимдерди чыгарышы мүмкүн: 1) кызмат адамынын аракети/аракетсиздиги мыйзамсыз деп табылат жана арыз берүүчүнүн укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын жол берилген бузулушун толук көлөмдө четтетүүгө органды же кызмат адамын милдеттендирет; 2) эгер укук коргоо органынын, анын кызмат адамдарынын аракети/аракетсиздиги мыйзамга туура келгендиги, алардын ыйгарым укуктарынын чегинде жасалгандыгы жана арыз берүүчүнүн укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбагандыгы аныкталган болсо, арыздануучуга анын талаптарын канааттандыруудан баш тартылат.
  • 19. Эгер сот тарабынан аракет/аракетсиздик мыйзамсыз деп табылса , муну менен катар жаранга карата колдонулган жоопкерчилик чаралары алынып салынат же анын бузулган укуктары менен эркиндиктери бөлөк жол менен калыбына келтирилет. Соттун чечими менен даттануунун канааттандырылышы андан ары тиешелүү мыйзамдарда каралгандай, жумуштан кетирүүгө сунуш берүүгө чейин, милиция кызматкеринин жоопкерчилиги жөнүндө маселени жетекчиликтин алдында коюу үчүн негиз болуп саналат. Кылмыш иши боюнча өндүрүштү жүргүзүшкөн мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын аракеттерин жана чечимдерин жазык сот өндүрүшү тартибинде даттануу. Тергөөчүнүн, прокурордун кылмыш ишин козгоодон баш тартуу, кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомдорду, ошого тете жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүүгө жана жарандардын сот адилеттүүлүгүнө жетишүүсүн кыйындатууга жөндөмдүү болгон бөлөк чечимдери жана аракеттери/аракетсиздиги сотко даттанылышы мүмкүн. Даттануу «Кылмыш иши боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырышкан мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын аракеттерине жана чечимдерине даттануу» деген КР КЖПКнын 15-главасына ылайык берилет жана каралат. Кийин сотко берүү үчүн кылмыш иши боюнча далилдери чогултууга жана текшерүүгө багытталган, иш боюнча өндүрүштүн катышуучусу тарабынан жасалган аракет жазык укугунда процесстик аракет болуп саналат. Ошону менен бирге процесстик аракеттин жүрүшүндө тиешелүү документ түзүлөт, мисалы, кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу токтом, сурак жүргүзүү өндүрүшү жана тийиштүү протоколдун жол-жоболоштурулушу ж.б. Тергөөчүнүн, прокурордун чечимдерине даттануулар тергөөнүн бүтүндөй өндүрүшүнүн же териштирүү өндүрүшүнүн орду боюнча соттук териштирүүнүн ичинде берилиши мүмкүн. Даттануу келип түшкөндөн 5 суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө судья арыз берүүчүнүн жана анын жактоочусунун, мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлүнүн, эгер алар кылмыш ишинде катышып жатышса, катышуусу менен сот отурумунда тергөөчүнүн, прокурордун аракетинин/аракетсиздигинин
  • 20. мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет. Сотто даттанылып жаткан аракеттерде/аракетсиздикте же чечимдерде кызыкчылыктарына түздөн-түз доо кетип жаткан башка адамдар да, ошондой эле прокурор катышат. Соттук отурумдун башталышында судья кандай даттануу карала тургандыгын жарыялайт, сот отурумуна келген адамдарга өзүн тааныштырат, алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин арыздануучу даттануусун негиздейт, андан кийин сот отурумуна келген башка адамдар угулат. Арыздануучуга реплика берүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Даттанууну карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча судья төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат: 1) тиешелүү кызмат адамынын аракеттерин (аракетсиздиктерин) же чечимдерин мыйзамсыз/негизсиз деп табуу жөнүндө жана анын жол берилген бузууларды четтетүү милдети жөнүндө; 2) даттанууну канааттандыруусуз калтыруу тууралуу. Эгер муну тергөөчү, прокурор же судья туура деп таппаса, даттанууну алып келүү даттанылып жаткан аракеттин өндүрүшүн жана даттанылып жаткан чечимдин аткарылышын токтото турбайт. Биринчи инстанциядагы соттун чечими, эгер аны менен макул болбогон учурда, жогору турган сотко кассациялык тартипте жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл иретинде даттанылат жана каралат. Соттун токтомуна жеке даттануу биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет жана ал төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  даттануу же сунуш даректелген соттун аталышын;  даттануу же сунуш берген адам жөнүндө маалыматтарды (анын процесстик абалын), анын жашаган жерин же турган жерин;  даттануу берилген токтомду жана ушул чечимди чыгарган соттун аталышын;  даттануу берген адамдын жүйөлөрү жана анын өтүнүчүнүн маңызы;  даттанууга тиркелген материалдардын тизмесин;  даттануу берген адамдын койгон колун. Кассациялык инстанциядагы сот даттанууну карап чыгып, биринчи инстанциядагы соттун токтомун күчүндө калтырышы, өзгөртүшү же ишти биринчи инстанциядагы сотко жиберүү менен жокко чыгарышы мүмкүн. Көзөмөл иретиндеги даттануунун мазмунуна жана даттанууну берүүнүн тартибине кассациялык тартипте даттануудагыдай эле
  • 21. талаптар көрсөтүлөт. Көзөмөл инстанциясындагы сот, ишти көзөмөл иретинде карап, төмөнкүлөргө укуктуу:  жергиликтүү соттун сот актысын (сот актыларын) күчүндө калтырууга;  иш боюнча мурун чыгарылган сот актыларынын бирөөнү күчүндө калтырууга жана калган сот актыларын жокко чыгарууга;  жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана ишти биринчи инстанциядагы же апелляциялык инстанциядагы соттун жаңы кароосуна берүүгө;  жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга. 5. Акыйкатчынын жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун милдеттери Акыйкатчы институту (мындан ары «Акыйкатчы»), Кыйноолорду жана бөлөк адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоочу мамилелердин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбор» (мындан ары «Улуттук борбор») мамлекеттик механизмдер системасында укук коргоону альтернативдүү эмес, кошумча каражат катары карайт. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүзөгө ашырат. Анын контролдук милдеттеринин бири болуп жабыркаган жарандардан келип түшкөн мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына даттанууларын карап чыгуу процесси болуп саналат. Акыйкатчы кызматы өз ыктыяры менен да аракет кыла алат, таасир кылуу актыларын чыгаруу аркылуу иликтөө жүргүзүүгө, тигил же бул бузууларды четтетүү тууралуу сунуш берүү ыйгарым укугуна ээ. Бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болбогон мамлекеттик орган болуп саналып, Акыйкатчы жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана жаран-мамлекет өз ара мамилелеринде мамлекеттик кызматчыларды контролдоого чакырган жарандык коомдун өкүлү катары чыгат, ошону менен бирге өзүнүн ден соолугунун абалы же бөлөк негиздүү себептер менен муну өз алдынча жасай албаган адамдардын атынан сотто өкүлчүлүк кылуу болгон өзүнүн милдеттеринин бирин жүзөгө ашырат. Бирок мында акыйкатчы бузууларга жол бергендиктери үчүн чиновниктерди жазалоого укугу жок, кызмат адамдарынын чечимдерин өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укугу жок, бирок ал жол берилген бузууларды четтетүү боюнча аларга сунуштарын берүүгө укугу бар. Акыйкатчы сот өндүрүшүнүн предмети болуп саналган, жана өз аракеттерин токтотуп жаткан даттануулар боюнча жагдайларды
  • 22. караштырбайт, эгер алар баштагандан кийин кызыкдар болгон жак сотко кайрылса. Бирок, бул учурда дагы жарандын өтүнүчү же өз ыктыяры менен акыйкатчы тигил же бул иштин жүрүшүн контролдоп турууга укугу бар, мында ал кеңештерин берип турат же байкоочуларын жөнөтөт, мисалы, сот отурумдарына. Эгерде жаңы жагдайлар келип чыкпаса, мурун чечим кабыл алынган арыздарды же даттанууларды Акыйкатчы карабай коюуга укугу бар. Адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин бузулгандыгы билинген күндөн тартып бир жылдын ичинде кайрылуулар акыйкатчыга жазуу түрүндө берилет. Өзгөчө жагдайлар болгондо гана, бул мөөнөт Акыйкатчы тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок эки жылдан ашпоого тийиш. Улуттук борбордун ишмердүүлүк чөйрөсү кыйла тар багытталган, көбүнчө алдын алуучулук мүнөзүн алып жүрөт. Улуттук борбордун негизги милдети кыйноолорду жана бөлөк адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоочу мамилелерди жана жазанын түрлөрүн ачып көрсөтүү максатында эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жайларга такай барып туруу болуп саналат. Эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жайларга кирүү өтө чектелген, Улуттук борбордун кызматкерлери эркиндиктеринен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктары бар, ошондуктан алардын барып турушу ал жактагы камалган адамдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоонун жалгыз мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн. Пландагы баруунун жүрүшүндө, же эркиндигинен ажыратылган же эркиндиги чектелген жайлардагылардын туугандарынын же тааныштарынын кайрылуусу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери обочолоп аңгеме жүргүзүү процессинде зомбулуктун, адамдын кадыр-баркын басмырлоочу мамиленин колдонулгандыгын билишет, дененин жабыркаган жерлерин белгилешет, ошондой эле алардын адистешкен процедураларды жүргүзүү үчүн медицина кызматкерлерин чакырууга укуктары бар. Алар ошол жайларда адамга даттануу, арыз жазууга мүмкүнчүлүк беришет жана аларды тийиштүү органдарга өткөрүшөт. Кармап туруу шарттары, тамактандыруунун сапаты, зарыл буюмдардын болушу ж.б. тууралуу маалыматтар өлкөнүн парламенти тарабынан карала турган баяндамага киргизилет. Ушул мамлекеттик органдардын көз карандысыз абалы абдан мааниге ээ. Анткени кызмат адамынын аракетин башка органга даттанууда, бийлик төбөлдөрү, жеке жана ведомстводук мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, даттануу келип түшкөн адамдын кызыкчылыктарын коргоп коюшунун ыктымалдыгы бар.
  • 23. Жогорку Кеңеште угулган ар жылкы жана атайын баяндамаларында Акыйкатчы да, Улуттук борбор дагы кызматкерлери адамдын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна жол берген, Акыйкатчы менен Улуттук борбордун таасир кылуу актыларын тоотпогон мамлекеттик органдарды белгилеп кетишет. Баяндамаларда адамдын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна себеп болгон мыйзамдагы кемчилдиктер, жетишсиз каржылоо да көрсөтүлөт, укукту жүзөгө ашыруу тажрыйбасынын жетишпеген жактарын санап өтүшөт. Улуттук борбор менен Акыйкатчынын баяндамалары адам укуктарын коргоо жаатындагы чыныгы абал жана болгон көйгөйлөр тууралуу мыйзам чыгаруучуларды маалым кылуунун маанилүү булагы болуп саналат. 6. Кылмыш жана администрациялык тартипте кармоонун жалпы аспектилери. Эгер бул коомдун коопсуздугунун кызыкчылыгында, бөлөк адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин кызыкчылыгында зарыл болсо, Укук коргоо органдары адамдын эркиндигин жана жеке кол тийбестигин чектөөгө укугу бар. Кармоо – бул процесстик мажбурлоонун чарасы, анын маңызы кылмыш жасаган же администрациялык укук бузган деп шектелүүчүнүн кыска мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышында турат. Кармоонун эки түрү болушу мүмкүн – администрацялык укук бузууга жана кылмыштык куугунтуктоого байланыштуу. Администрациялык кармоонун тартиби жана мөөнөтү кылмыштыктан айырмасы бар, бирок эл аралык укук тарабынан белгиленген жалпы эрежелери да бар. Бул эрежелер көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да иштейт: Биринчиден, кармоо жана арест (камакка алуу)6 мыйзамда белгиленген негиздерде жана мыйзамда белгиленген тартипте гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Экинчиден, кармалган адамга аны кармалышынын себептерин билдирүү керек, ал эми аягында кандай коюлган күнөө же укук бузууларга айыптоо болбосун токтоосуз маалымдоо керек. Үчүнчүдөн, кармоонун зарылдыгы жана кармоонун мыйзамдуулугу жөнүндө маселе сот тарабынан каралууга тийиш. Ошону менен бирге камакка алуу ал тергөөдөн же соттон качып кетет, иш боюнча чындыкты аныктоого тоскоолдук кылат деген жетишерлик негиздер болгон учурларда гана колдонулат. Төртүнчүдөн, кармоонун мыйзамдуулугу же камакка алуу сот тарабынан тастыкталгандан кийин, адам жогору турган сотко судьянын токтомун даттанууга укугу бар. 6 Арест термини ата мекендик юристтердин кесиптик баарлашуусунда колдонулат жана адатта тергөөнүн жана соттук терштирүүнүн убагында камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын түшүндүрөт.
  • 24. Бешинчиден, мамлекет мыйзамсыз кармоо же камакка алуу менен адамга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Администрациялык кармоо - бул жеке адамдын кыска убакытка эркиндиктеринин чектелиши, ал өзгөчө учурларда колдонулушу мүмкүн, бул иштин туура жана өз убагында каралышын, административдик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдун аткарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл. Администрациялык кармоонун мөөнөтү 3 сааттан ашпоого тийиш. Өзгөчө учурларда, судья же ички иштер органдарынын тиешелүү кызмат адамы тарабынан администрациялык материал каралганга чейин, административдик укук бузуулар боюнча кошумча жагдайларды билүүнүн же кармалган адамдыгын өздүгүн аныктоонун зарылдыгында кармоонун мөөнөтү ички иштер органдарынын начальниги же анын орун басары тарабынан администрациялык укук бузуулар үчүн 48 саатка чейин узартылышы мүмкүн, кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде бул жөнүндө прокурордун жазуу түрүндөгү билдирүүсү менен администрациялык камакка алуу каралган. Ошону менен бирге кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш, бул Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 565-беренесинде каралган. Укук бузуулардын кандай түрлөрү үчүн администрациялык кармоо колдонулат?,- деген суроо туулуп калышы мүмкүн. Укук бузуулардын мындай түрлөрү көп эмес. Алсак, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө КР кодексинин 564-беренесине ылайык администрациялык укук бузган адамды кармоо ички иштер органдары тарабынан төмөнкүдөй укук бузууларга карата жүргүзүлөт:  Майда бейбаштык;  Үй-бүлөлүк зомбулук жасалганда;  Чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби бузулганда;  Мыйзамсыз жол тоскондо;  Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган бирикмелерди түзүүдө жана ага активдүү катышканда;  Өзгөчө абалдын шарттарында белгиленген талаптар бузулганда;  Милиция кызматкерлеринин, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына кыянаттык менен баш ийбегенде;
  • 25.  Товарларды жана башка буюмдарды мыйзамсыз сатканда;  Спирт ичимдиктерин коомдук жайларда ичкенде же ададмык кадыр-баркты жана коомдук адеп-ахлакты мазактаган мас абалда коомдук жайларда;  Жол кыймылынын эрежелери, аңчылык кылуу эрежелери бузулганда;  Сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же жөнөткөндө. Кылмыш тартибинде кармоо Шектелип жаткан адамды кармоо - процесстик мажбурлоо чарасы, ал алгачкы тергөө жүргүзүү органы, алгачкы тергөө жүргүзүүчү, тергөөчү же прокурор тарабынан колдонулат, кылмышка шектүү адамдын анык кармалган учурунан тартып 48 саттан ашык эмес мөөнөткө кармалышы мүмкүн. Кылмыш жасоодо шектүү делген адамды кармоо үчүн төмөнкүлөр негиз боло алат: 1) адам кылмыш жасалган мезгилде же ал жасалгандан кийин түздөн-түз колго түшсө; 2) көрүп тургандар, анын ичинде жабырлануучулар ошол адамды кылмыш жасаган адам катары ачык көрсөтүп турушса; 3) эгер шектелип жаткан адамдан же анын кийиминен, анын жанынан же жашаган жеринен кылмыштын ачык белгилери табылса. (2) Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, ошондой эле анын туруктуу жашаган жери болбогондо, анын өздүгү аныкталбаганда жана ал тарабынан качууга аракет жасалганда, ал кармалышы мүмкүн. Кармоону жүргүзгөн кызматкер кармоонун зарылдыгын так негиздөөгө тийиш экендигин белгилей кетүү маанилүү. 7. Жеткирүүдө, кармаганда, текшерүүдө, тинтүүдө, алып коюуда кандай аракет кылуу керек Күбөлүгүн көрсөтүүсүн талап кылыңыз Кармоо укук коргоо органдарына жөн гана чакыруу менен башталышы мүмкүн. Тартип сактоочулардын кейпин кийип алып иш кылган алдамчылар менен талап-тоногучтардан өзүңүздү коопсуз кылуу үчүн кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүлөрүн талап кылыңыз. Укук коргоо органдарынын чыныгы кызматкерлери талабыңыз боюнча күбөлүктү көрсөтүүгө милдеттүү.
  • 26. Мында күбөлүк сиз аны окуп – изилдегенге мүмкүндүк болгондой кылып көрсөтүлүшү керек, б.а.:  Күбөлүктөгү сүрөт менен кызматкердин өңүнүн окшоштугуна ынануу керек;  Сүрөттөгү мөөрдүн оттиски күбөлүктөгү оттисктин бөлүгү менен дал келерине;  Күбөлүктүн жарамдуулук мөөнөтү өтүп кете электигине ынануу;  Күбөлүктү берген органдын аталышын, милиция кызматкеринин кызматын жанан ФАА, күбөлүктүн номурун жазып алыңыз. Эгер өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган адам күбөлүктү көрсөтүүдөн баш тартса, сиз ага баш ийбей койгонго, андан ары сүйлөшүүлөрдү токтотууга укугуңуз бар. Чакыртманы көрсөтүүсүн талап кылыңыз Эгер милиция кызматкерине аңгемелешүүнү жүргүзүү зарыл болсо, ал адамдын атына чакыртма жазып берүүгө милдеттүү. Чакыртма төмөндөгүдөй милдеттүү түрдөгү маалыматты камтууга тийиш:  кимди чакырып жатат (сиздин фамилияңыз жана дарегиңиз);  ким катары чакырылып жатат (күбө, шектүү, күнөөлүү, жабырлануучу);  чакыруунун максаты;  кимге чакырылып жатат (тергөөчүнүн фамилиясы);  кайда чакырылып жатат (милиция органынын толук аталышы жана дареги);  сиз келе турган дата жана убак;  келбей калуунун натыйжасы (ИИМ органдары аркылуу мажбурлап алып келүү). Эгер сиз кызматкерлерди күбө катары кызыктырсаңыз, алар аңгемелешүү үчүн өз ара ыңгайлуу убакытты макулдашып алууга тийиш. Сиз келүүдөн ачык эле баш тарта турган болсоңуз, мажбурлап алып келүүгө дуушар болушуңуз мүмкүн. Мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомду тергөөчү, прокурор же судья чыгарат. Эгер чакыртма кол коюлуп тапшырылган болсо, чакыртмада көрсөтүлгөн жерге баруу керек. Мүмкүн, байланыш аңгемелешүү түрүндө, коомдук коопсуздуктун кызыкчылыгында же бөлөк мыйзамдуу кызыкчылыктар үчүн болот, бирок кандай болгон күндө да чакыруу жөнүндө өзүңүздүн туугандарыңызга,досторуңузга, кесиптештериңизге, же жөн эле таанышыңызга эскертип коюңуз же чакырылган жерге жактоочу менен барыңыз. Күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда алар сизди кайдан издеп табышаарын билгендей болушсун. Анык кармалган убакыт эсиңизде болсун
  • 27. Милиция кызматкерлери сиздин эркиңизге койбой, сизди кайдадыр алып барууга ниеттенгенин, сиздин бир жерден экинчи жерге барууңузга чек койгонун же телефон чалууга тоскоолдук кылгандарын сезе баштасаңыз, ошол учурдан тартып кармоо башталат. Акырында дал ушул убакыт кармоо протоколунда көрсөтүлүүгө тийиш. Милиция кызматкерлери адатта анык кармалган убакытты эмес, кармоо протоколу түзүлүп жаткан убакытты көрсөтүшөт. Мындай учурда, кармоо протоколуна кол коердун алдында, ага анык кармалган убакыт жөнүндө белгилей кетиңиз. Тергөөчү сиздин кармалгандыгыңыз тууралуу туугандарыңызга билдирип коюуга милдеттүү, бирок бул дайыма эле кылына бербейт7 . Өзүңүз кимдир-бирөөгө сиздин кармалгандыгыңыз тууралуу билдирүүгө аракет кылыңыз. Кармалгандыгыңыз тууралуу протокол түзүүнү талап кылыңыз Административдик же кылмыш жасоодо шектүү катары кармоо жөнүндө протокол анык кармалган убакыттан тартып үч сааттан ашпаган мөөнөттө түзүлүүгө тийиш8 . Кармоо протоколунда кармоонун негиздери жана жүйөлөрү, орду жана убактысы, ошондой эле кармап жаткан убакта Сизден эмне алынганы сүрөттөп көрсөтүлүшү керек. Протокол кармалган адамга жана анын жактоочусуна кол коюу үчүн берилет. Кармалуу тууралуу протоколго кол коюп жатканда протоколдо көрсөтүлгөн убакыт жана жагдайлар чынында болгон ишке туура келерине ынанышыңыз керек. Кармалган адам анын укуктарын жазуу түрүндө түшүндүрүп берүүлөрүн талап кылууга укугу бар, анткени алардын тизмеси жетишерлик кенен болгондуктан, аларды эстеп калуу оңой эмес. Жеке тинтүү жөнүндө протокол түзүүнү талап кылыңыз Кармалганда алынган буюмдар акыры кайтарылып берилбеген учурлар болот, ошондуктан жеке тинтүү жөнүндө протоколдун түзүүнү жана ага алынган буюмдардын тизмесин киргизүүнүн талап кылыңыз. Протокол сизге кол коюу үчүн берилиши керек. Протоколдун мазмуну менен макул болбогон учурда ага кол коюудан баш тартсаңыз болот, бирок протоколгоэскертүү киргизип, анын алдына кол коюу дурус болот. Жагдайды, жүздөрүн, аттарын, лакап аттарын эстеп калыңыз 7 Жазык-процесстик кодекстин 99-беренеси. 8 Жазык-процесстик кодекстин 95-беренеси.