SlideShare ist ein Scribd-Unternehmen logo
1 von 1
Downloaden Sie, um offline zu lesen
7-17-декабрь 2012-жыл 
• Дүйнөлүк экинчи конференциянын сабактары 
«Эки тоонун бетегесин эңсеген кийик» өңдөнгөн журналистиканын таржымалы 
(Башталышы өткөн санда) 
Кези келгенде булардын айрымдарынын баяндамаларынан учкул кептерди алып, далилдүү мисал катары колдонууга болот. Анткени коомго пайдалуу баалуулуктарды чагылдырган сөз берметтери бар. Бирок бул жолу Владимир Карягиндин кебинен үзүндү келтирбей айткан оюнун маанисин эле токтоло кетели. Себеби, постсоветтик өлкөлөрдө гана эмес, дүйнөлүк коомчулукта жана массалык маалымат каражаттарында: Европадагы акыркы күчкө салгыч бийликчил (диктатура) катары сыпатталып жүргөн Владимир Лукашенко жөнүндө жылуу пикир айтты. Анткени Белоруссия Республикасынын Премьер- министри бизнеске тоскоол болгон токтом кабыл алган күнү эле, бизнесмендер бирлигинин мүчөлөрү ошол күнү түндөп жыйын жасашып, токтом туура эмес кабыл алынганы боюнча өлкөнүн башчысы Президентке Кайрылуу жолдошкон. Эртеси күнү Президенттин Жарылыгы менен ал токтом жокко чыгарылганын кубануу менен конференцияда айтты. 
Тутумду туушуктурган себептер 
Владимир Лукашенкону канчалык күчкө салгыч бийликчил деп сындаган күнүбүздө да мамлекетинин экономикалык кызыкчылыгын бизнесмендер менен тең бөлүшүп айкалыштыргандыгын ушул эле бир мисалдан көрүнүп турат. «Демократия жок» деген өлкөдөгү экономикалык саясатта ушундай демократиянын баалуулуктарынын жыл эткен үрөндөрү сакталып калгандыгынын белгиси катары туюлат. Башкасына караганда сөзсүз экономиканын мыйзамдарынын катаал бийлиги орношу керек. Маселен, СССР деген империялык өлкөнүн жападан жалгыз партиясы - коммунисттердин уставында «борборлоштурулган демократия» деген нерсе орун алган. Демократиянын чен-өлчөмү ошол партиянын жүргүзгөн саясатына жараша өсүп-өнүгүү орун алып келген. Мына ушуга карата капиталисттик тутум (система) атандашуу аркылуу өсүп-өнүгүп, социализмди утуп чыгууга жетишти. Балким, социалисттик түзүлүш болбогондо капитализм мынчалык өнүгүү жолуна тез түшүшүнө мүмкүн эмес эле?.. 
Элдик революцияларды болтурбоо үчүн, эң эле жөнөкөйлөштүрүп айтканда, капиталисттер канчалык байыган сайын, маселен, өзү бардык ыңгайлуу шарты бар ашканалардан оокат ичип келсе, кийин андан да жакшыларына улам өтүп отуруп, өз жумушчуларына ал ашканаларды бошотуп берип, турмуш-шарттарына кенен жетерлик маяна төлөп, экономикага экономдуу мамиле жасоону кошо үйрөткөн катаал чаранын калыптанышын шарттаган. Социализмдечи? Буга тескерисинче, «адамкерчиликтүүлүк» (гуманность) деген шылтоого таянып, ысырапкорчулук акыркы жылдары күч алып кеткен. Экономикага караганда саясатка көбүрөөк басым жасалгандын аягы союздун урап калышына алып келди. 
Текеберликтен тебеленген 
пулдар?!.. 
Өлкөдөгү коомдук саясый жагынан өнүгүп- өсүүсүнө канчалык демократиялуу жол ачкан күндө да, ал мамлекетте экономиканын мыйзамдарына сыйбаган «аша чапма демократияны» ооздуктоо гана керектигин турмуш ырастап көрсөтүүдө. Коомубузда эмнелер гана болбой жатат. «Пикет-митинг», - десе жантыгынан жатып кызмат кылган бир нече топтор пайда болду?!.. Ким төлөсө катыра кыйкырып берет. Ал тургай ажылдаган аялдардын бет тытып, «киялап» эркекти тээп-жулмалаган «ажаан аялдардын» тобу «кызмат көрсөтүп» жатат. Өзүбүз болсо жаратылыш берген байлыгын тебелеп, миллиондогон сомдор жаткан булакты сокурлук менен көрбөй жатабыз. Буга мисал иретинде, облусубуздагы Манас районунун Чеч-Дөбө айылынан ылдый карай тескей бетке «600 гектар жерине тигилген жаңгакты мал жайыт тарыйт» деген негизде бүлүндүрүп, жок кылынган. 
Учурунда ушундай ишке бел байлап, баштаган ишин аягына чыгарган азаматтардын бири - Талас районунун «Каракол» колхозунун төрагасы Рысбек Айдаралиев тиккен ак кайың да кезинде: « Элдин малы жайылбай калды», - деген негизде нааразылыктарды туудурган. Бирок Рысбек аксакал, бийликте турган чагында кароолчуларга токойду жакшы кайтартып, коруп кала алган. Жаңгак токоюн тиктирген райондун акими кандайдыр бир себептер менен өзүнөн жогору турган бийликтерге жакпай калды баштанат. Кызматынан кыйшаңдатып шыпырып түшүп, кийинки келген акимдер жаңы тигилген жаңгак токоюнун өнүмү жакшы экенине карабай мал жайылып бүлүнүп жоголордо, дагы жакшы, айрым адамдар аман калган көчөттөрдү өз чарбактарына тигип алып, түшүмүнүн үзүрүн көрүп жаткандар арбын эле. 
Күнкорсуздук алгандан берки бийлигибиздин атка минерлеринин ушундай кайдигерлигинен бизнестин булактарынын көзүн ачуунун ордуна, чет элден келген инвесторлордон орустар айтмакчы, «шапка» алууну, аларга шарт түзүп «бөтөн көздөрдөн» алакчылып коргоону жакшы көрүп келген. Сыягы түштөрүнө доллардын «кумары» кирип азгырган азезил азгырыктан арала албагандыгында. Бүгүнкү бийлик чагыбызда алардын «шакмарын» тазалап бүтпөй жатат баштанат. Базар мамилесине ыкташуусу «өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» менен бечел арымда бараткандай абалда. 
Социализмдин гүлдөп турган чагында тигилген ак кайың токою - бүгүн баркы-баасы көтөрүлүп турат. Бирок бул токойду пайдаланып, бизнес жасоо жолу дээрлик колго алына элек. Жаз алды менен кайыңдын ширесин алуучу мөөнөтүнөн өткөрбөй алуу, бүрдөгөн ичке бутагынан мезгили келгенде шыпыргы жасап, мончо- мончолорго алып барып саткан бизнесмендерди да көрбөйбүз. Тоо-ташта бир куурайдан башкасына, бадал болсо эле ээ болуп алган токой чарбачылыгыбы же Айдаралиев айыл округундагылардын бири жок дегенде, буга кызыгып да койбойт! Бизнестеги кып-кызыл пулдар өздөштүрүлбөй, текеберликтин тегирменинин барасы тескерисинен айлантууда ?!.. Болбосо быйыл Кыргызстан боюнча сарык илдети өтө өтүшүп, канчалаган адамдарыбыз кайыңдын ширесине таңсыздыгы артылып турат?!.. Ушул түйүндүү эки маселеге бүгүн коомчулугубуздун көңүлү бурулушу зарыл. 
Эмики кеп төркүнү журналистиканын талаш- тартыштуу маселелери тууралуу болмокчу. 
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ 
Газеттеден - газетага басып өткөн жол 
Оболу «журналист» деген сөздүн чыгыш тегинин берген маанисине токтололу. Француздардын «күндөлүк толтуруучу же күндөлүк жазуучу» деп айтылган кебинен алынган. Бара- бара аны колдонуу чөйрөсү өзүнүн түз маанисинен кеңири мааниге өтүп кетишине алып келди. Кеңири маанисинде коомдук пикирди калкка таратуучу мааниге ээ болду. Мезгилдүү басылма болгон газета-журналдар турмушта кеңири пайда боло баштаганы «журналист же журналистика» деген кеп, көбүрөөк колдонула баштаган. 
Алгачкы газета качан пайда болгон?.. Газетанын пайда болушунун өзүнүн тарыхы бар. ХҮ1 кылымда Венеция шаарында алгач соодагерлер ортосунда товарларды алмашуу багытандагы маалыматтарды кагазга тизмесин жазышып, бири-бирине таратышкан. Соодагерлер мына ушул тизмелерди карап, товарларын алмаштыруу иштерин жүргүзүшкөн. Тизме жазылган кагаздын 1 даанасын «бир газетте» деп сатып ала баштагандыктан, тыйын-тыпыр табуу каражат булагына айланган. Кооздоп жазуу түйшүгү соодагерлердин эстетикалык табитине төп келип, өзгөчөлөнтүп кооздогон сайын ал барактын баасы жогорулаган. Жазмакерлер байып, байлык (капитал) топтоого жетишкендер чыккан. Буга кызыгып калган Венеция шаардык өкмөтү казынага байлыктын пайдасын түшүрүүгө кызыгуусу артылып, бул кызмат көрсөтүүнү өз колуна алган. 
ХҮ11 кылымда Кытайда биринчи жолу «Ди-био» газетасы пайда болгон. «Газеттенин – газета» деп аталып калышынын кыскача тарыхы ушундай. Бирок ал газеталарды бүгүнкү газеталар менен салыштырып болбойт? Жасалгалоо үлгүсү, ички мазмунун түзгөн же камтылган маалыматтар жана ар кыл жанрдагы макалалардын түрлөрү менен байытылып, жылдар-кылымдар өткөн сайын жакшырып, калктын суроо-талабын канааттандырган милдетти аркалап жүрүп отурган. 
Кийинки кылымдарда журналдар да чыга баштады. Газета-журналдарды бир сөз менен «мезгилдүү басмалар» деп аташкан. Илимий- техникалык өнүгүүнүн тездеши радио берүүлөр жана теле көрсөтүүнүн келип чыгышын шарттады. Маалымат булагынын түрлөрү көбөйүшүнө байланыштуу, анын баарын бир эле аталышта «массалык маалымат каражаттары » дешкен. Акыркы учурларда буга дүйнөлүк маалымат торчосу (интернет) басылма булагы кошулду. Массалык маалымат каражаттарында иштеген чыгармачыл кызматкерлерди «журналист же кабарчы» деп атоо мына ушундан пайда болгон. 
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында «журналист» дегенге кандай аныктама берилген? Мына ушуга токтолуп көрөлү? Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» Мыйзамдын 19-беренесинде: « Журналист коомдун турмушунда болуп жаткан окуялар жөнүндө кабарларды чогултуп, массалык маалымат каражаттары үчүн материалдарды түзүп, редакциялап жана даярдоочу адам ушул Мыйзамга ылайык журналист болуп эсептелет. 
Журналист жогоруда аталган жумуштарды өз алдынча же редакциянын штаттык кызматкери болуу менен иштөөгө укуктуу », - деп айтылган. 
Экинчиси, Кыргыз Республикасынын «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү» Мыйзамдын 3-беренесинде: «Журналист – материалдарды чогултуунун, талдоонун, редакторлоонун, даярдоонун жана маалыматты жайылтуунун үстүндө иштеген чыгармачыл кызматкер», - деген аныктама берилген. 
Айлан көчөк айланткан медиа 
«Бардык эле журналисттер дүйнөлүк үлгү менен советтик журналистиканын жанрларын бири-биринен айырмалап билет» дегенден да алыспыз?! Ал тургай Батыштын журналистикасынын жанрларын насыйкаттаган Кыргызстандын медиа-журналистикасынын «бешигин терметкен » машыктыруучулардын өздөрү маалымат жанрынын бийктигинен көтөрүлүп, аналитиканы аңдап тааный албай жаткандыгы жашыруун болбой калды?!.. 
Советтик журналистиканын маалымат жанрындагы кыска же куш кабарга (заметка) үч гана суроого жооп берүүгө тийиш. «Кабарга тигиндей же мындай» деген чечмелөө талабы коюлбайт. Ушуга байланыштуу окуяны болгонун болгондой кыска чагылдырат. 
Дүйнөлүк үлгүдөгү маалымат аналитикасында алты суроого жооп алынат. Үч суроого караганда алтоо болушунун өзү чакан макалага (корреспонденция) гана алып чыгат. Чакан макалада макул болсок да, макул болбосок да аналитиканын жеңил-желпи элементтери гана колдонулат. «Атка – жеңил, тайга - чак» дегендей кеп. Бирок ал «тай туйлап - такка чыкпайт» тейинде болот. 
Чоң макалада (статья) журналист аналитикага өтө сүңгүп, тереңдеп киргендиктен - чие түйүндөрдү чечип, ачып берүүсү керек, ага чама- чаркы, тажрыйбасы жетпей баратса атайын ошол тармакка тиешелүү адистердин пикирине таянууга тийиш болуп келген тажрыйба мурда эле совет мезгилинде колдонулуп келген. Батыштын үлгүсү боюнча «эксперттин пикири» деп аталып калса эле, ал Американы жаңы ачкан жаңылык эмес. 
Кыска кабар менен чакан макаланын айырмасын айырмалап билбегендиктин натыйжасында медиа-журналисттер жаш журналисттерибиздин башын айлан көчөк айлантышууда. Ошентип, Батыштын медиа-журналистикасынын «дүйнөлүк үлгү» дегенин насыйкаттаган семинар- тренигдерде «кой терисине жамынган» алты суроосу - советтик журналистиканын чакан макаласы болуп чыга келет. Ошондуктан чоң аталмабыздын атын «Эки тоонун бетегесин эңсеген кийик» өңдөнгөн журналистиканын таржымалы» деп бекеринен койбогонбуз. 
Туура эмес мыйзамдаштыруу 
2005-жылдын май айында «Кыргызстандын ММКларында шайлоо өнөктүктөрүн чагылдыруунун сапатын арттыруу» долбоорунунун фокустук тобунун катышуучулары төмөндөгүдөй үлгүнү кабыл алган: биринчиси, маалыматтын аныктыгы; экинчиси, тактык; үчүнчүсү, жан тартпастык (бейтарап); төртүнчүсү, тең салмактык; бешинчиси, мыйзамды билүү; алтынчысы, тилдин жеткиликтүүлүгү, жетинчиси, оперативдүүлүк делинген. Ушунун ичинен тең салмакты алалы: «Бардык кызыктар тараптардын ой пикирин эсепке алуу, материалды бардык тараптардын тең позицияларын, көз караштарын тең көлөмдө жана текши берүү, альтернативдүү атаандаш көз караштарды чагылдыруу», - делинген. Эгерде андай болбогон болсо, анда: «Буйрутма көрсөтмө. Иликтөөдө бир гана тараптын кызыкчылыгын көздөп калса буйрутма көрсөтмө болуп калат», - делинген баа барилген?!.. 
2007-жылдын 8-декабрында журналисттердин республикалык жыйынында кабыл алынып, 2009-жылы 16-апрелдеги журналисттердин республикалык конференциясында толуктоо киргизилген «Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексинде: «17.Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлерин тең салмакта берилиши шарт», - деген жобо киргизилген. 
1990-жылдардан кийинки мыйзамдарда мындай жобо кабыл алынган эмес. Массалык маалымат каражаттары шайлоо өнөктүктөрүн чагылдырууда тең салмакты карманууну киргизип баштап, кийин минтип этикалык кодекстен орун алынышына жетишкен. Мындай талаптын кимге кереги бар эле?!.. Англиялык Т. Р. Мальтус аттуу экономист: төрөлүүнү азайтыш керек, согуш оту тутанып турбаса Жер шарына адам батпай кетет деген өңдөнгөн ойду камтыган «теориялык саясатына» окшошуп кетет. Ошондуктан «эки тараптуу» дегенди колдонуудан алып таштоонун зарылдыгы бышып жетилди?!.. Төмөндө Кыргызстандын шартында кандай ролун ойноп жатканын айтып берели. 
Журналисттин дайыма алдында турган бир гана милдети бар. Ал болгон окуяга тике кароо. Батыш үлгүсү муну бир аз башка өңүттө алып, эки-үч үлгүдө чагылдырууну талап кылат. Демек, анда тараптардын дооматтарын кошо берүү керек. Буга маселен, К.Ташиев: «Бийликти басып аламын», - дегени Кыргызстандагы акыркы чуулгандуу окуяга айланганын алып көрөлү? Дүйнөлүк үлгүдө жазган макаланын автору сөзсүз К. Ташиевдин өзүн же анын таламын талашкан тарап аркылуу айттырат. Ага бийлик тараптан да жамандаткан каршы сөз сүйлөтөт. Кыргыздын төл сөзүндө, муну «абысын айтыш» деп коёт. Ансыз океандын ары жагындагы АКШ менен Европрага «тең салмактык сакталбай калат» имиш. Ушуну бечкек кылып алган айрым адамдар, акыркы учурларда «эки тараптуу жазбай, бир тараптуу болуп калыптыр» деген икаяны бетке кармап, доого урунуп, соттошобуз дегендей түр көрсөткөндөр арбый баштады. 
Бул биринчиден, журналисттин укугун чектеп, кадр артында турган адамга айланып: «-Мына К. Ташиев сенин оюңду да, бийликтикин да бердим!» - деп алакан жайдыртат?!.. Ал эми, кайсынысы чын, эмнеси калп экенин окурман өзүң ажыратып ала бер?! Эки ортодо маалымат айдыңы жөө туманга айланат. Калк арасында баш катырма «уу, дуу» кеп чыгып, эки жаат болуп тирешүүгө өтөт. Ал тургай жаңжалдын чыгып кетишине алып келет. Мындай үлгүнүн - кана, кимге кереги бар?!.. Экинчиден, Кыргызстандын биринчи теле каналы көрсөткөн тасма – бул чыныгы турмушта болгон окуянын өзү. Аны телевизордон көргөн бар, көрбөгөн бар. 
Советтик журналистикада деле, тактык, окуяны тике кароо, мыйзамдарды жакшы билүү, жазуу стилинин жатыктыгы менен оперативдүүлүк жөнүндө эзелтен бери эле айтылып келе жаткан. Айрыкча жазуу тили түшүнүктүү, так болушуна Горькийдин төмөндөгү сөздөрү: «Чтобы хорошо писать – надо хорошо знать свой родной язык» же «Красота – это простота, чёткость, ясность», дагы бир сөзүндө: «Вообще –все можно сказать просто и, чем более просто, - тем убедительннее будет», - деп айткандарын окутуп келген. Жогорку кара тамга менен бергендерибиздин бирине гана мисал келтирдик. Калганын деле талдап салыштырып чыксак боломок, бирок ушунун өзү деле жетиштүү. 
Соңундагы сөз ордуна 
Дүйнөлүк үлгү дегендердин баарын эле көрсөтмөлүү пир катары тутуна берүү туура эмес?! Журналисттик адистик боюнча жакшы билими бар, анын негиздерин (принцип), жанрларды чемичкедей чаккан кесипкөйлөр дүйнөлүк үлгү менен советтик журналистиканы изилдөөгө алып, талдап чыкса айрым окшоштуктар менен айырмачылыктар булайып ачыкка чыга келет. Маселен, дүйнөлүк үлгүнүн төрт тарабы бирдей бурчтуктар же «асыл таш» багытында аналитикалык чоң макалалардын (статья) топтомдорун жазуу менен журналисттик иликтөөгө (инвестигейтор) айлантса пайдалуу болмокчу. Бирок автордун укугун чектеген, окуянын кандай болуп өткөнүнө тикке карагандан тайсалдагандыкты арылтуу максатка ылайыктуу келет. 
Журналист коомго пайда алып келүүчү максат коюп, көтөргөн чие түйүндү чечип берүүдө окурманды ынандыра алган каражаттар менен шөкөттөй билген жандуулукту жуурулуштура алгандыгына байланыштуу болот. Мындагы чеберчилик ошол мезгилдеги болгон окуянын туура жүрүшү же ошол күнкү чындык менен эртеси күнкү, андан да кийинки күндөрдөгү чындыгынын бири-бирине шайкеш келишине же бурмаланган жактарына чейин, анын терс таасири каякка алып барарын, муну келечекте кантип оңдоонун жолдорун кошо дыкат, кыбачылык менен изилденип окурманга жетиши керек. 
Айрым бир окуяларды изилдеп жатып журналист кээде жөнөкөй адамдар эле эмес, адистердин өздөрү күнүмдүк ишинде элес албаган көндүм кайталанма көрүнүштөрүнүн ичинен сезе бербеген бир бөлүккө (деталь) кайрылып, ошонун аркасы менен чоң кемчилик кетирилип жатканын макаласында көрсөткөн учурлар болуп калат. Албетте, бул журналисттин көрөгүч талантына көз каранды жана сөз кудурети менен ийине жеткире иштеп бере алгандыгына байланыштуу болот. Андай макалалар кыйла чыгармачылык изденүү түйшүгүнүн машакаты аркылуу жаратылат. 
Узун сөздүн кыскасы, макалада далилдерди так-таасын келтирип, ага карата логикалык ойлордун байланыштарынын кыябын окурман жээрибегендей ийге келтирип, мына ушулардын баарын бири-бирине шайкеш даярдап алып баруу (психология) жолдору аркылуу жетилиши керек. Ошондо өз окурмандарына төрт тарабын төп келиштире ачып бере алган болот. 
Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВ

Weitere ähnliche Inhalte

Andere mochten auch

Andere mochten auch (10)

Rock
RockRock
Rock
 
Untitled Presentation
Untitled PresentationUntitled Presentation
Untitled Presentation
 
Cd Label
Cd LabelCd Label
Cd Label
 
Consumo liquido
Consumo liquidoConsumo liquido
Consumo liquido
 
Dall'Oralità al Media blog
Dall'Oralità al Media blogDall'Oralità al Media blog
Dall'Oralità al Media blog
 
Receso estudiantil2
Receso estudiantil2Receso estudiantil2
Receso estudiantil2
 
Bdd de vase de datos autobuces mayorasgo
Bdd de vase de datos autobuces mayorasgoBdd de vase de datos autobuces mayorasgo
Bdd de vase de datos autobuces mayorasgo
 
Sem es
Sem esSem es
Sem es
 
E.savushkin sales bomb 2013
E.savushkin sales bomb 2013E.savushkin sales bomb 2013
E.savushkin sales bomb 2013
 
Beberapa kepribadian khusus
Beberapa kepribadian khususBeberapa kepribadian khusus
Beberapa kepribadian khusus
 

2

  • 1. 7-17-декабрь 2012-жыл • Дүйнөлүк экинчи конференциянын сабактары «Эки тоонун бетегесин эңсеген кийик» өңдөнгөн журналистиканын таржымалы (Башталышы өткөн санда) Кези келгенде булардын айрымдарынын баяндамаларынан учкул кептерди алып, далилдүү мисал катары колдонууга болот. Анткени коомго пайдалуу баалуулуктарды чагылдырган сөз берметтери бар. Бирок бул жолу Владимир Карягиндин кебинен үзүндү келтирбей айткан оюнун маанисин эле токтоло кетели. Себеби, постсоветтик өлкөлөрдө гана эмес, дүйнөлүк коомчулукта жана массалык маалымат каражаттарында: Европадагы акыркы күчкө салгыч бийликчил (диктатура) катары сыпатталып жүргөн Владимир Лукашенко жөнүндө жылуу пикир айтты. Анткени Белоруссия Республикасынын Премьер- министри бизнеске тоскоол болгон токтом кабыл алган күнү эле, бизнесмендер бирлигинин мүчөлөрү ошол күнү түндөп жыйын жасашып, токтом туура эмес кабыл алынганы боюнча өлкөнүн башчысы Президентке Кайрылуу жолдошкон. Эртеси күнү Президенттин Жарылыгы менен ал токтом жокко чыгарылганын кубануу менен конференцияда айтты. Тутумду туушуктурган себептер Владимир Лукашенкону канчалык күчкө салгыч бийликчил деп сындаган күнүбүздө да мамлекетинин экономикалык кызыкчылыгын бизнесмендер менен тең бөлүшүп айкалыштыргандыгын ушул эле бир мисалдан көрүнүп турат. «Демократия жок» деген өлкөдөгү экономикалык саясатта ушундай демократиянын баалуулуктарынын жыл эткен үрөндөрү сакталып калгандыгынын белгиси катары туюлат. Башкасына караганда сөзсүз экономиканын мыйзамдарынын катаал бийлиги орношу керек. Маселен, СССР деген империялык өлкөнүн жападан жалгыз партиясы - коммунисттердин уставында «борборлоштурулган демократия» деген нерсе орун алган. Демократиянын чен-өлчөмү ошол партиянын жүргүзгөн саясатына жараша өсүп-өнүгүү орун алып келген. Мына ушуга карата капиталисттик тутум (система) атандашуу аркылуу өсүп-өнүгүп, социализмди утуп чыгууга жетишти. Балким, социалисттик түзүлүш болбогондо капитализм мынчалык өнүгүү жолуна тез түшүшүнө мүмкүн эмес эле?.. Элдик революцияларды болтурбоо үчүн, эң эле жөнөкөйлөштүрүп айтканда, капиталисттер канчалык байыган сайын, маселен, өзү бардык ыңгайлуу шарты бар ашканалардан оокат ичип келсе, кийин андан да жакшыларына улам өтүп отуруп, өз жумушчуларына ал ашканаларды бошотуп берип, турмуш-шарттарына кенен жетерлик маяна төлөп, экономикага экономдуу мамиле жасоону кошо үйрөткөн катаал чаранын калыптанышын шарттаган. Социализмдечи? Буга тескерисинче, «адамкерчиликтүүлүк» (гуманность) деген шылтоого таянып, ысырапкорчулук акыркы жылдары күч алып кеткен. Экономикага караганда саясатка көбүрөөк басым жасалгандын аягы союздун урап калышына алып келди. Текеберликтен тебеленген пулдар?!.. Өлкөдөгү коомдук саясый жагынан өнүгүп- өсүүсүнө канчалык демократиялуу жол ачкан күндө да, ал мамлекетте экономиканын мыйзамдарына сыйбаган «аша чапма демократияны» ооздуктоо гана керектигин турмуш ырастап көрсөтүүдө. Коомубузда эмнелер гана болбой жатат. «Пикет-митинг», - десе жантыгынан жатып кызмат кылган бир нече топтор пайда болду?!.. Ким төлөсө катыра кыйкырып берет. Ал тургай ажылдаган аялдардын бет тытып, «киялап» эркекти тээп-жулмалаган «ажаан аялдардын» тобу «кызмат көрсөтүп» жатат. Өзүбүз болсо жаратылыш берген байлыгын тебелеп, миллиондогон сомдор жаткан булакты сокурлук менен көрбөй жатабыз. Буга мисал иретинде, облусубуздагы Манас районунун Чеч-Дөбө айылынан ылдый карай тескей бетке «600 гектар жерине тигилген жаңгакты мал жайыт тарыйт» деген негизде бүлүндүрүп, жок кылынган. Учурунда ушундай ишке бел байлап, баштаган ишин аягына чыгарган азаматтардын бири - Талас районунун «Каракол» колхозунун төрагасы Рысбек Айдаралиев тиккен ак кайың да кезинде: « Элдин малы жайылбай калды», - деген негизде нааразылыктарды туудурган. Бирок Рысбек аксакал, бийликте турган чагында кароолчуларга токойду жакшы кайтартып, коруп кала алган. Жаңгак токоюн тиктирген райондун акими кандайдыр бир себептер менен өзүнөн жогору турган бийликтерге жакпай калды баштанат. Кызматынан кыйшаңдатып шыпырып түшүп, кийинки келген акимдер жаңы тигилген жаңгак токоюнун өнүмү жакшы экенине карабай мал жайылып бүлүнүп жоголордо, дагы жакшы, айрым адамдар аман калган көчөттөрдү өз чарбактарына тигип алып, түшүмүнүн үзүрүн көрүп жаткандар арбын эле. Күнкорсуздук алгандан берки бийлигибиздин атка минерлеринин ушундай кайдигерлигинен бизнестин булактарынын көзүн ачуунун ордуна, чет элден келген инвесторлордон орустар айтмакчы, «шапка» алууну, аларга шарт түзүп «бөтөн көздөрдөн» алакчылып коргоону жакшы көрүп келген. Сыягы түштөрүнө доллардын «кумары» кирип азгырган азезил азгырыктан арала албагандыгында. Бүгүнкү бийлик чагыбызда алардын «шакмарын» тазалап бүтпөй жатат баштанат. Базар мамилесине ыкташуусу «өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» менен бечел арымда бараткандай абалда. Социализмдин гүлдөп турган чагында тигилген ак кайың токою - бүгүн баркы-баасы көтөрүлүп турат. Бирок бул токойду пайдаланып, бизнес жасоо жолу дээрлик колго алына элек. Жаз алды менен кайыңдын ширесин алуучу мөөнөтүнөн өткөрбөй алуу, бүрдөгөн ичке бутагынан мезгили келгенде шыпыргы жасап, мончо- мончолорго алып барып саткан бизнесмендерди да көрбөйбүз. Тоо-ташта бир куурайдан башкасына, бадал болсо эле ээ болуп алган токой чарбачылыгыбы же Айдаралиев айыл округундагылардын бири жок дегенде, буга кызыгып да койбойт! Бизнестеги кып-кызыл пулдар өздөштүрүлбөй, текеберликтин тегирменинин барасы тескерисинен айлантууда ?!.. Болбосо быйыл Кыргызстан боюнча сарык илдети өтө өтүшүп, канчалаган адамдарыбыз кайыңдын ширесине таңсыздыгы артылып турат?!.. Ушул түйүндүү эки маселеге бүгүн коомчулугубуздун көңүлү бурулушу зарыл. Эмики кеп төркүнү журналистиканын талаш- тартыштуу маселелери тууралуу болмокчу. ЭКИНЧИ БӨЛҮМ Газеттеден - газетага басып өткөн жол Оболу «журналист» деген сөздүн чыгыш тегинин берген маанисине токтололу. Француздардын «күндөлүк толтуруучу же күндөлүк жазуучу» деп айтылган кебинен алынган. Бара- бара аны колдонуу чөйрөсү өзүнүн түз маанисинен кеңири мааниге өтүп кетишине алып келди. Кеңири маанисинде коомдук пикирди калкка таратуучу мааниге ээ болду. Мезгилдүү басылма болгон газета-журналдар турмушта кеңири пайда боло баштаганы «журналист же журналистика» деген кеп, көбүрөөк колдонула баштаган. Алгачкы газета качан пайда болгон?.. Газетанын пайда болушунун өзүнүн тарыхы бар. ХҮ1 кылымда Венеция шаарында алгач соодагерлер ортосунда товарларды алмашуу багытандагы маалыматтарды кагазга тизмесин жазышып, бири-бирине таратышкан. Соодагерлер мына ушул тизмелерди карап, товарларын алмаштыруу иштерин жүргүзүшкөн. Тизме жазылган кагаздын 1 даанасын «бир газетте» деп сатып ала баштагандыктан, тыйын-тыпыр табуу каражат булагына айланган. Кооздоп жазуу түйшүгү соодагерлердин эстетикалык табитине төп келип, өзгөчөлөнтүп кооздогон сайын ал барактын баасы жогорулаган. Жазмакерлер байып, байлык (капитал) топтоого жетишкендер чыккан. Буга кызыгып калган Венеция шаардык өкмөтү казынага байлыктын пайдасын түшүрүүгө кызыгуусу артылып, бул кызмат көрсөтүүнү өз колуна алган. ХҮ11 кылымда Кытайда биринчи жолу «Ди-био» газетасы пайда болгон. «Газеттенин – газета» деп аталып калышынын кыскача тарыхы ушундай. Бирок ал газеталарды бүгүнкү газеталар менен салыштырып болбойт? Жасалгалоо үлгүсү, ички мазмунун түзгөн же камтылган маалыматтар жана ар кыл жанрдагы макалалардын түрлөрү менен байытылып, жылдар-кылымдар өткөн сайын жакшырып, калктын суроо-талабын канааттандырган милдетти аркалап жүрүп отурган. Кийинки кылымдарда журналдар да чыга баштады. Газета-журналдарды бир сөз менен «мезгилдүү басмалар» деп аташкан. Илимий- техникалык өнүгүүнүн тездеши радио берүүлөр жана теле көрсөтүүнүн келип чыгышын шарттады. Маалымат булагынын түрлөрү көбөйүшүнө байланыштуу, анын баарын бир эле аталышта «массалык маалымат каражаттары » дешкен. Акыркы учурларда буга дүйнөлүк маалымат торчосу (интернет) басылма булагы кошулду. Массалык маалымат каражаттарында иштеген чыгармачыл кызматкерлерди «журналист же кабарчы» деп атоо мына ушундан пайда болгон. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында «журналист» дегенге кандай аныктама берилген? Мына ушуга токтолуп көрөлү? Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» Мыйзамдын 19-беренесинде: « Журналист коомдун турмушунда болуп жаткан окуялар жөнүндө кабарларды чогултуп, массалык маалымат каражаттары үчүн материалдарды түзүп, редакциялап жана даярдоочу адам ушул Мыйзамга ылайык журналист болуп эсептелет. Журналист жогоруда аталган жумуштарды өз алдынча же редакциянын штаттык кызматкери болуу менен иштөөгө укуктуу », - деп айтылган. Экинчиси, Кыргыз Республикасынын «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү» Мыйзамдын 3-беренесинде: «Журналист – материалдарды чогултуунун, талдоонун, редакторлоонун, даярдоонун жана маалыматты жайылтуунун үстүндө иштеген чыгармачыл кызматкер», - деген аныктама берилген. Айлан көчөк айланткан медиа «Бардык эле журналисттер дүйнөлүк үлгү менен советтик журналистиканын жанрларын бири-биринен айырмалап билет» дегенден да алыспыз?! Ал тургай Батыштын журналистикасынын жанрларын насыйкаттаган Кыргызстандын медиа-журналистикасынын «бешигин терметкен » машыктыруучулардын өздөрү маалымат жанрынын бийктигинен көтөрүлүп, аналитиканы аңдап тааный албай жаткандыгы жашыруун болбой калды?!.. Советтик журналистиканын маалымат жанрындагы кыска же куш кабарга (заметка) үч гана суроого жооп берүүгө тийиш. «Кабарга тигиндей же мындай» деген чечмелөө талабы коюлбайт. Ушуга байланыштуу окуяны болгонун болгондой кыска чагылдырат. Дүйнөлүк үлгүдөгү маалымат аналитикасында алты суроого жооп алынат. Үч суроого караганда алтоо болушунун өзү чакан макалага (корреспонденция) гана алып чыгат. Чакан макалада макул болсок да, макул болбосок да аналитиканын жеңил-желпи элементтери гана колдонулат. «Атка – жеңил, тайга - чак» дегендей кеп. Бирок ал «тай туйлап - такка чыкпайт» тейинде болот. Чоң макалада (статья) журналист аналитикага өтө сүңгүп, тереңдеп киргендиктен - чие түйүндөрдү чечип, ачып берүүсү керек, ага чама- чаркы, тажрыйбасы жетпей баратса атайын ошол тармакка тиешелүү адистердин пикирине таянууга тийиш болуп келген тажрыйба мурда эле совет мезгилинде колдонулуп келген. Батыштын үлгүсү боюнча «эксперттин пикири» деп аталып калса эле, ал Американы жаңы ачкан жаңылык эмес. Кыска кабар менен чакан макаланын айырмасын айырмалап билбегендиктин натыйжасында медиа-журналисттер жаш журналисттерибиздин башын айлан көчөк айлантышууда. Ошентип, Батыштын медиа-журналистикасынын «дүйнөлүк үлгү» дегенин насыйкаттаган семинар- тренигдерде «кой терисине жамынган» алты суроосу - советтик журналистиканын чакан макаласы болуп чыга келет. Ошондуктан чоң аталмабыздын атын «Эки тоонун бетегесин эңсеген кийик» өңдөнгөн журналистиканын таржымалы» деп бекеринен койбогонбуз. Туура эмес мыйзамдаштыруу 2005-жылдын май айында «Кыргызстандын ММКларында шайлоо өнөктүктөрүн чагылдыруунун сапатын арттыруу» долбоорунунун фокустук тобунун катышуучулары төмөндөгүдөй үлгүнү кабыл алган: биринчиси, маалыматтын аныктыгы; экинчиси, тактык; үчүнчүсү, жан тартпастык (бейтарап); төртүнчүсү, тең салмактык; бешинчиси, мыйзамды билүү; алтынчысы, тилдин жеткиликтүүлүгү, жетинчиси, оперативдүүлүк делинген. Ушунун ичинен тең салмакты алалы: «Бардык кызыктар тараптардын ой пикирин эсепке алуу, материалды бардык тараптардын тең позицияларын, көз караштарын тең көлөмдө жана текши берүү, альтернативдүү атаандаш көз караштарды чагылдыруу», - делинген. Эгерде андай болбогон болсо, анда: «Буйрутма көрсөтмө. Иликтөөдө бир гана тараптын кызыкчылыгын көздөп калса буйрутма көрсөтмө болуп калат», - делинген баа барилген?!.. 2007-жылдын 8-декабрында журналисттердин республикалык жыйынында кабыл алынып, 2009-жылы 16-апрелдеги журналисттердин республикалык конференциясында толуктоо киргизилген «Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексинде: «17.Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлерин тең салмакта берилиши шарт», - деген жобо киргизилген. 1990-жылдардан кийинки мыйзамдарда мындай жобо кабыл алынган эмес. Массалык маалымат каражаттары шайлоо өнөктүктөрүн чагылдырууда тең салмакты карманууну киргизип баштап, кийин минтип этикалык кодекстен орун алынышына жетишкен. Мындай талаптын кимге кереги бар эле?!.. Англиялык Т. Р. Мальтус аттуу экономист: төрөлүүнү азайтыш керек, согуш оту тутанып турбаса Жер шарына адам батпай кетет деген өңдөнгөн ойду камтыган «теориялык саясатына» окшошуп кетет. Ошондуктан «эки тараптуу» дегенди колдонуудан алып таштоонун зарылдыгы бышып жетилди?!.. Төмөндө Кыргызстандын шартында кандай ролун ойноп жатканын айтып берели. Журналисттин дайыма алдында турган бир гана милдети бар. Ал болгон окуяга тике кароо. Батыш үлгүсү муну бир аз башка өңүттө алып, эки-үч үлгүдө чагылдырууну талап кылат. Демек, анда тараптардын дооматтарын кошо берүү керек. Буга маселен, К.Ташиев: «Бийликти басып аламын», - дегени Кыргызстандагы акыркы чуулгандуу окуяга айланганын алып көрөлү? Дүйнөлүк үлгүдө жазган макаланын автору сөзсүз К. Ташиевдин өзүн же анын таламын талашкан тарап аркылуу айттырат. Ага бийлик тараптан да жамандаткан каршы сөз сүйлөтөт. Кыргыздын төл сөзүндө, муну «абысын айтыш» деп коёт. Ансыз океандын ары жагындагы АКШ менен Европрага «тең салмактык сакталбай калат» имиш. Ушуну бечкек кылып алган айрым адамдар, акыркы учурларда «эки тараптуу жазбай, бир тараптуу болуп калыптыр» деген икаяны бетке кармап, доого урунуп, соттошобуз дегендей түр көрсөткөндөр арбый баштады. Бул биринчиден, журналисттин укугун чектеп, кадр артында турган адамга айланып: «-Мына К. Ташиев сенин оюңду да, бийликтикин да бердим!» - деп алакан жайдыртат?!.. Ал эми, кайсынысы чын, эмнеси калп экенин окурман өзүң ажыратып ала бер?! Эки ортодо маалымат айдыңы жөө туманга айланат. Калк арасында баш катырма «уу, дуу» кеп чыгып, эки жаат болуп тирешүүгө өтөт. Ал тургай жаңжалдын чыгып кетишине алып келет. Мындай үлгүнүн - кана, кимге кереги бар?!.. Экинчиден, Кыргызстандын биринчи теле каналы көрсөткөн тасма – бул чыныгы турмушта болгон окуянын өзү. Аны телевизордон көргөн бар, көрбөгөн бар. Советтик журналистикада деле, тактык, окуяны тике кароо, мыйзамдарды жакшы билүү, жазуу стилинин жатыктыгы менен оперативдүүлүк жөнүндө эзелтен бери эле айтылып келе жаткан. Айрыкча жазуу тили түшүнүктүү, так болушуна Горькийдин төмөндөгү сөздөрү: «Чтобы хорошо писать – надо хорошо знать свой родной язык» же «Красота – это простота, чёткость, ясность», дагы бир сөзүндө: «Вообще –все можно сказать просто и, чем более просто, - тем убедительннее будет», - деп айткандарын окутуп келген. Жогорку кара тамга менен бергендерибиздин бирине гана мисал келтирдик. Калганын деле талдап салыштырып чыксак боломок, бирок ушунун өзү деле жетиштүү. Соңундагы сөз ордуна Дүйнөлүк үлгү дегендердин баарын эле көрсөтмөлүү пир катары тутуна берүү туура эмес?! Журналисттик адистик боюнча жакшы билими бар, анын негиздерин (принцип), жанрларды чемичкедей чаккан кесипкөйлөр дүйнөлүк үлгү менен советтик журналистиканы изилдөөгө алып, талдап чыкса айрым окшоштуктар менен айырмачылыктар булайып ачыкка чыга келет. Маселен, дүйнөлүк үлгүнүн төрт тарабы бирдей бурчтуктар же «асыл таш» багытында аналитикалык чоң макалалардын (статья) топтомдорун жазуу менен журналисттик иликтөөгө (инвестигейтор) айлантса пайдалуу болмокчу. Бирок автордун укугун чектеген, окуянын кандай болуп өткөнүнө тикке карагандан тайсалдагандыкты арылтуу максатка ылайыктуу келет. Журналист коомго пайда алып келүүчү максат коюп, көтөргөн чие түйүндү чечип берүүдө окурманды ынандыра алган каражаттар менен шөкөттөй билген жандуулукту жуурулуштура алгандыгына байланыштуу болот. Мындагы чеберчилик ошол мезгилдеги болгон окуянын туура жүрүшү же ошол күнкү чындык менен эртеси күнкү, андан да кийинки күндөрдөгү чындыгынын бири-бирине шайкеш келишине же бурмаланган жактарына чейин, анын терс таасири каякка алып барарын, муну келечекте кантип оңдоонун жолдорун кошо дыкат, кыбачылык менен изилденип окурманга жетиши керек. Айрым бир окуяларды изилдеп жатып журналист кээде жөнөкөй адамдар эле эмес, адистердин өздөрү күнүмдүк ишинде элес албаган көндүм кайталанма көрүнүштөрүнүн ичинен сезе бербеген бир бөлүккө (деталь) кайрылып, ошонун аркасы менен чоң кемчилик кетирилип жатканын макаласында көрсөткөн учурлар болуп калат. Албетте, бул журналисттин көрөгүч талантына көз каранды жана сөз кудурети менен ийине жеткире иштеп бере алгандыгына байланыштуу болот. Андай макалалар кыйла чыгармачылык изденүү түйшүгүнүн машакаты аркылуу жаратылат. Узун сөздүн кыскасы, макалада далилдерди так-таасын келтирип, ага карата логикалык ойлордун байланыштарынын кыябын окурман жээрибегендей ийге келтирип, мына ушулардын баарын бири-бирине шайкеш даярдап алып баруу (психология) жолдору аркылуу жетилиши керек. Ошондо өз окурмандарына төрт тарабын төп келиштире ачып бере алган болот. Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВ